# 8-статья. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоо жана пайдалануу

- Документ: [Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/435)
- Документтеги орду: II Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 6-июнундагы № 53 "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 мая 2026 года № 70 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об охране и использовании растительного мира", "О развитии сельского хозяйства Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046168)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 19.05.2026 [Закон КР от 19 мая 2026 года № 70 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об охране и использовании растительного мира", "О развитии сельского хозяйства Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046168); 02.03.2010 [Закон КР от 2 марта 2010 года № 39 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране и использовании растительного мира""](https://aqlex.ai/kg/doc/202729)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/435#diff=1003991..53293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/435/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-417/edition/1003984/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/435/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө, 8-статья (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/435/st-8

---

боюнча мамилелерди жөнгө салуу жаатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин компетенциясы

Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин коргоо жана пайдалануу боюнча мамилелерди жөнгө салуу жаатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:

- жергиликтүү мамлекеттик акимчиликтер менен бирдикте объекттерди

коргоо, сарамжалдуу пайдалануу, кайра өндүрүү, продукттуулугун жана ту- руктуулугун жогорулатуу, башка жаратылышты коргоо иш-чаралары менен бир комплексте өсүмдүктөр дүйнөсү боюнча республикалык программаны иштеп чыгуу жана аткаруу;

- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоо жана сарамжалдуу пайда-

лануу жаатындагы мамлекеттик программаны бекитүү, бул багыттагы респуб- ликалык маанидеги иш-чараларды каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу;

- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоо жана сарамжалдуу пайда-

лануу маселелеринде министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик акимчиликтердин ишмердигин координациялоо;

- лицензияланууга тийиш болгон өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин

пайдалануу жаатындагы ишмердиктин түрлөрүн лицензиялоонун тартибин бе- китүү;

- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн төлөнүүчү

акынын өлчөмүн бекитүү;

- өсүмдүктөр дүйнөсүнө терс таасир берүүчү объекттердин ишмердигин

токтото туруунун, токтотуунун тартибин аныктоо;

- республиканын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн кадастрын жана анын абалынын

мониторингин жүргүзүүнүн тартибин бекитүү;

- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоо жана пайдалануу жаатын-

дагы мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнүн тартибин белгилөө;

- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоо жана пайдалануу жаатын-

дагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу;

- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоонун жана сарамжалдуу

пайдалануунун эрежелерин белгилөө, жаратылыш өсүмдүктөрүнүн ресурстарын пайдалануунун лимиттерин жана ченемдерин аныктоо;

- Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби жөнүндөгү жобону бекитүү;

- Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилүүгө тийиш болгон

өсүмдүктөр дүйнөсүнүн өтө сейрек жана жок болуп кетүү коркунучу астында турган түрлөрүнүн тизмегин бекитүү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өсүмдүктөр дүйнөсүнүн

объекттерин коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча башка маселелерди кароо. (КР 2010-жылдын 2-мартындагы № 39, 2026-жылдын 19-майындагы № 70 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/435/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/435/st-9)
