# 3-статья. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоо, пайдалануу

- Документ: [Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/435)
- Документтеги орду: I Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 6-июнундагы № 53 "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/435/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-417/edition/1003984/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/435/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө, 3-статья (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/435/st-3

---

жана калыбына келтирүү жаатындагы принциптер

Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоо жана сарамжалдуу пайдала- нуу боюнча иш чараларды, ошондой эле алардын өсүү чөйрөсүнө же ошол объектилердин абалына таасир тийгизүүчү иш чараларды пландаштырганда жана ишке ашырганда төмөнкү принциптерди сактоо зарыл:

- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коммерциялык максаттарда акы

төлөп пайдалануу;

- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине келтирилген зыяндын ордун

толтуруу жана ал каражаттарды келтирилген зыяндын ордун толтурууга жум- шоо;

- жапайы өсүмдүктөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн жана алар пайда

кылган өсүмдүктөрдүн жаратылыштык тобун табигый шартта сактоо;

- жапайы өсүмдүктөрдүн жана алар пайда кылган өсүмдүктөрдүн таби-

гый тобунун чөйрөсүн коргоо;

- корголууга муктаж болгон жапайы өсүмдүктөрдүн сейрек кездешүүчү,

жоголуп бараткан, ошондой эле жергиликтүү, реликтилик жана башка түрлөрүн калыбына келтирүү жана жайылуусунун бир бүтүндүгүн сактоо;

- өсүмдүктөрдүн табигый ресурстарын илимий негизде пайдалануу жана

кайра калыбына келтирүү;

- калктын ден соолугун коргоо, курчап турган жаратылыш чөйрөсүн

жакшыртуу жана эл чарбасын өнүктүрүү максатында өсүмдүктөр дүйнөсүнүн сууну сактоочу жана кыртышты коргоочу, кыртышты түзүүчү жана калыбына келтирүүчү, рекреациялык жана башка пайдалуу касиеттерин колдоого алуу;

- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин өрттөн, селден, эрозия про-

цессинен жана башка табигый кырсыктан, ошондой эле бүлүндүрүүчүлөрдөн жана илдеттерден коргоо;

- жандуу жаратылышка жана эл чарбасына зыян келтирүүдөн сактануу

максатында жапайы өсүмдүк түрлөрүнүн жайылышын жана көбөйүшүн жөнгө са- луу.

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/435/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/435/st-4)
