# 29-статья. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоо жана

- Документ: [Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/435)
- Документтеги орду: V Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 6-июнундагы № 53 "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 мая 2026 года № 70 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об охране и использовании растительного мира", "О развитии сельского хозяйства Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046168)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/435#diff=1003991..53293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/435/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-417/edition/1003984/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/435/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө, 29-статья (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/435/st-29

---

пайдалануу боюнча мамлекеттик көзөмөл

Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоо жана сарамжалдуу пайдала- нуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бардык жеке жана юридикалык жактардын сакташын камсыз кылуу өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик көзөмөлдүн милдети болуп саналат. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик көзөмөл Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөсүн коргоонун республикалык мамлекеттик органы тарабынан жүргүзүлөт. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик көзөмөлдү ишке ашыруунун тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт. (КР 2026-жылдын 19-майындагы № 70 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/435/st-28)  
Кийинки берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/435/st-30)
