# 28-статья. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттеринин мамлекеттик

- Документ: [Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/435)
- Документтеги орду: V Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 6-июнундагы № 53 "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 мая 2026 года № 70 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об охране и использовании растительного мира", "О развитии сельского хозяйства Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046168)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/435#diff=1003991..53293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/435/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-417/edition/1003984/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/435/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө, 28-статья (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/435/st-28

---

кадастры

Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттеринин мамле- кеттик кадастры өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттеринин укуктук режими, аларды пайдалануучулардын категориясы боюнча бөлүштүрүү, географиялык жана административдик-аймактык жактан жайгаштырылышы, аянттары, запас- тары, сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү, эл чарбалык жана илимий баа- луулугу, техникалык, тоюттук, дарылык, тамак аштык жана башка жараты- лыштын өсүмдүктөр ресурстарынын экономикалык жактан бааланышы, район- дордун жана областтардын тилкесинде натыйжалуу коргоону, сарамжалдуу пайдаланууну жана кайра өндүрүүнү камсыз кылуу үчүн керектүү документ- тердин системасын камтыйт. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттеринин мамлекеттик кадастрын жүргүзүү топографо-геодезиялык, геоботаникалык, жер жана токой курулуш жана баш- ка иликтөөлөрдү, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин каттоону жана пайда- лануу абалын баалоону жүргүзүү аркылуу камсыз кылынат. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттеринин мамлекеттик кадастрын мамле- кеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен бирдиктүү система боюнча жара- тылышты коргоо боюнча атайын укуктуу мамлекеттик органдар жүргүзүшөт. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануучулар, жерге жайгашты- руу органдары жана токой чарба органдары, жапайы өсүмдүктөрдү промысел- дик даярдоону жүргүзгөн илимий, мамлекеттик жана коомдук уюмдар өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттеринин мамлекеттик кадастрын жүргүзгөн жа- ратылышты коргоо органдарына жаратылыш өсүмдүктөрүнүн ресурстарынын жа- йылышы, аянттары, запастары, түшүмдүүлүгү, сандык, сапаттык жана эконо- микалык бааланышы, аларды пайдалануу жана коргоо жөнүндө колдо бар маа- лыматтарын берүүгө милдеттүү. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттеринин мамлекеттик кадастрын жүргүзүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт. (КР 2026-жылдын 19-майындагы № 70 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/435/st-27)  
Кийинки берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/435/st-29)
