# 26-статья. Кыргыз Республикасындагы өсүмдүк карантини

- Документ: [Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/435)
- Документтеги орду: IV Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 6-июнундагы № 53 "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 мая 2026 года № 70 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об охране и использовании растительного мира", "О развитии сельского хозяйства Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046168)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/435#diff=1003991..53293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/435/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-417/edition/1003984/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/435/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө, 26-статья (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/435/st-26

---

Жаратылыш өсүмдүктөрүн коргоо максатында республикада төмөндөгүлөрдү камсыз кылуучу өсүмдүктөрдүн ички жана сырткы карантини боюнча мамлекеттик иш чаралардын системасы жүргүзүлөт:

- жаратылышка жана мамлекеттин экономикасына кыйла зыян алып

келүүчү карантиндик жана башка коркунучтуу зыянкечтерди, өсүмдүктөр ил- деттерин, отоо чөптөрдү чет өлкөлөрдөн алып келүүдөн республиканын ай- магын сактоо:

- республиканын аймагында карантиндик жана башка коркунучтуу зыян-

кечтерди, өсүмдүктөр илдеттерин, отоо чөптөрдү өз учурунда таап чыгуу, локализациялоо жана жок кылуу;

- айыл чарба жана башка өсүмдүк тектүү продукцияларды өндүрүүдө,

даярдоодо, ташууда, сактоодо, кайра иштетүүдө, сатууда жана пайдалануу- да карантин боюнча белгиленген эрежелер менен иш-чараларды сактоо үчүн мамлекеттик көзөмөлдү жүргүзүү. Кыргыз Республикасына өсүмдүк тектүү продукцияларды алып келүү жа- на анын чегинен сырткары алып чыгуу, анын аймагы аркылуу транзиттик жүктөрдү алып өтүү, өсүмдүктөрдүн ички карантини боюнча иш-чараларды жүргүзүү жана өсүмдүктөр карантини боюнча жеке жана юридикалык жактарга коюлуучу негизги талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Жеке жана юридикалык жактар өсүмдүктөрдүн карантини боюнча белги- ленген талаптарды сактоого милдеттүү. Республика үчүн карантиндик мааниси бар өсүмдүк зыянкечтеринин, илдеттеринин жана отоо чөптөрдүн тизмесин, ошондой эле анын аймагынан алып чыгууга жана алып келүүгө тийиш болбогон биологиялык объектилердин тизмесин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт. (КР 2026-жылдын 19-майындагы № 70 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/435/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/435/st-27)
