# 21-статья. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууда

- Документ: [Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/435)
- Документтеги орду: IV Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 6-июнундагы № 53 "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 мая 2026 года № 70 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об охране и использовании растительного мира", "О развитии сельского хозяйства Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046168)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 19.05.2026 [Закон КР от 19 мая 2026 года № 70 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об охране и использовании растительного мира", "О развитии сельского хозяйства Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046168); 02.03.2010 [Закон КР от 2 марта 2010 года № 39 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране и использовании растительного мира""](https://aqlex.ai/kg/doc/202729)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/435#diff=1003991..53293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/435/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-417/edition/1003984/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/435/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө, 21-статья (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/435/st-21

---

тыюу салууларды жана чектөөлөрдү белгилөө

Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин сактоо жана кайра өстүрүү макса- тында алардын айрым түрлөрүн пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзам- дарында белгиленген тартипте толук түрдө же кайсы бир мөөнөткө чектели- ши мүмкүн. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууга чек коюу жана тыюу салуу чарбалык жактан пайдаланылуучу аймактардагы ишмердикти жөнгө са- луу жолу менен, ошондой эле айрым аймакты чарбалык пайдалануудан (ко- руктарды, жаратылыштын улуттук парктарында коруктук участокторду, за- казниктерди түзүү, жаратылыштын эстеликтерин жарыялоо, башка өзгөчө коргоого алынган жаратылыштын аймактарын бөлүп көрсөтүү) толук же жарым жартылай түрдө алып салуу жолу менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин коргоо жана кайра өстүрүү максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды албаганда, жапайы өскөн өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүн, алардын бөлүктөрүн жана жањы үзгөн жана жањы кайра иштетилген түрүндөгү продукталарын жыйноого, даярдоого жеке жана юридикалык жактарга тийиштүү мөө- нөткө тыюу салууга же чек коюуга укуктуу. (КР 2010-жылдын 2-мартындагы №39, 2026-жылдын 19-майындагы № 70 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/435/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/435/st-22)
