Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 19.05.2026 редакциясы · I Бөлүм
Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилери же жаратылыштын өсүмдүктөр ре- сурстары - жапайы өскөн өсүмдүктөрдүн төмөндөгү бардык түрлөрү: жер ас- тындагылар жана жер үстүндөгүлөр, анын ичинде тамырлар, уруктар, гүлдөр, чөптөр, дарылык жана техникалык өсүмдүктөрдүн сырьелору, жапайы мөмө-чөмөлөр, грек жањгагынын, мистенин, чычырканактын, сейрек кез- дешүүчү жана жоголуп бараткан өсүмдүктөрдүн мөмөлөрү, жыгач өсүмдүктөрү, жыгач өсүмдүктөр топтору, бадалдар, ийне жалбырактуу өсүмдүктөр, камыштар, ошондой эле мох сымалдар, сууда өскөндөр, козу карындар, эњилчектер жана мына ушул сыяктуулар. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттери төмөндөгүлөргө бөлүнөт:
- багыттары боюнча - тамак ашка, тоютка, дары-дармекке, техникалык
багытка;
- жайылышы боюнча - массалык түргө, чектелип жайылгандарга, чанда
кезигүүчүлөргө, жок болуп бараткандарга. Өсүмдүктөр дүйнөсү (өсүмдүктөр) - составы, структурасы, абалы жана мааниси боюнча ар түрдүү өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн же ар кандай фитоце- ногенездин бөлүмүнө жана пайда болуш мезгилине бириккен, жерди же анын айрым аймактарын каптап турган, ар кандай табигый өсүмдүктөр шериктеш- тигинин саны менен айкалышы, анын жайылышы, структурасы жана динамика- сы, ошондой эле өсүмдүктөрдүн өсүү формаларынын жыйындысы аркылуу мүнөздөлгөн өсүмдүктөр тобунун жыйындысы. Өсүмдүктөр тобу - түрдүк курамы жана түзүмү бири бири менен, айба- наттар жана курчаган чөйрө менен татаал өз ара алаканы шарттаган бир кылка аймакта өскөн өсүмдүктөрдүн жайылышынын жыйындысы. Өсүмдүктөр (өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектиси катары) - күндүн энер- гиясын пайдалануу менен органикалык эмес бирикмелерден органикалык зат- тарды синтездөөгө жөндөмдүү болгон, спора, урук жана вегетативдик бөлүктөрү аркылуу көбөйүүчү организмдер (козу карындарды, балырларды, мохторду, эњилчектерди, папоротник сымалдарды кошуп алганда). Топ - бир кылка аймактын чектериндеги ар кандай функционалдык мүнөздөгү организмдердин жыйындысы. Лимит - биологиялык ар түрдүүлүктү бузбоону эске алуу менен анык- талган өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин алуунун чектелип белгиленген саны.
Берененин тексти 19.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/435/st-2" title="2-статья - Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>