# 15-статья. Ботаникалык коллекциялар

- Документ: [Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/435)
- Документтеги орду: III Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 6-июнундагы № 53 "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 мая 2026 года № 70 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об охране и использовании растительного мира", "О развитии сельского хозяйства Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046168)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 19.05.2026 [Закон КР от 19 мая 2026 года № 70 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об охране и использовании растительного мира", "О развитии сельского хозяйства Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046168); 02.03.2010 [Закон КР от 2 марта 2010 года № 39 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране и использовании растительного мира""](https://aqlex.ai/kg/doc/202729)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/435#diff=1003991..53293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/435/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-417/edition/1003984/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/435/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө, 15-статья (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/435/st-15

---

Жеке жана юридикалык жактарга жаратылыш чөйрөсүнөн жапайы өскөн өсүмдүктөрдү алуу жолу менен ботаникалык коллекциясын (ботаникалык бак- тардын жандуу коллекциясын, дендрарийлерди, дендропаркттарды, оранже- рейлерди, питомниктерди жана башка уруктун генетикалык банктарын, ошон- дой эле гербарийлерди жана өсүмдүктөрдүн башка бөлүктөрүнүн жана про- дукциясынын жыйындысын) түзүүгө жана толуктоого ушул Мыйзамдын талапта- рын сактоо менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тар- типте жол берилет. Илимий, маданий-агартуучулук, окуу-тарбиялык же эстетикалык баалу- улугу бар ботаникалык коллекциялар мамлекеттик эсепке алынууга тийиш. Мындай коллекциялардын ээлери болуп саналышкан жеке жана юридикалык жактар ботаникалык коллекцияларды сактоонун, эсепке алуунун жана пайда- лануунун эрежелерин тутууга тийиш. Ботаникалык коллекцияларды түзүүнүн, сактоонун, эсепке алуунун жа- на пайдалануунун, ошондой эле соодалоонун, республикадан сырткары жерге жөнөтүүнүн жана алып чыгуунун эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте бекитилет. (КР 2010-жылдын 2-мартындагы № 39, 2026-жылдын 19-майындагы № 70 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/435/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/435/st-16)
