# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 19-апрели ПЖ № 108 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 543 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 19-апрели ПЖ № 108 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 543 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 108
- Кабыл алынган күнү: 19.04.2023
- Редакциянын күнү: 23.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434933>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10094/edition/1251311/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/434933.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 19-апрели ПЖ № 108 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 543 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (23.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434933

---

КР Президентинин 2024-жылдын 23-майындагы ПЖ № 124 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2023-жылдын 19-апрели ПЖ № 108 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 543 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 543 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамында:

Мадмаров Азизбек Маматович, Мамбеткадыров Айдарбек Абдыраевич, Эркебаев Абдыганы Эркебаевич, Бараканова Салтанат Нурудиновна курамдан чыгарылсын; Толонов Данияр Эрмекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Имангазиев Алмаз Кулубекович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары, Базарбаев Нурдоолот Сатыбекович - Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары, Кийизбаева Жазгуль Ильичевна - Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары курамга киргизилсин.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров
