Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 69 «Мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелери жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2023-жылдын 28-марты ПЖ № 69 Мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелери жөнүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын өркүндөтүү, ошондой эле анын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик) болуп кайра түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик;".
3. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна төмөнкүлөрдү киргизсин:
- эки жумалык мөөнөттө Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин жобосунун долбоорун жана башкаруу схемасын;
- эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук жана башка актыларына ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- бир айлык мөөнөттө Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин жобосун жана башкаруу схемасын бекитсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы ПЖ № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.05.2021 · № 114
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик…Постановление · 29.05.2023 · № 291
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 690 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-сентябрындагы № 164 "Кыргыз…Постановление · 21.12.2023 · № 690
- КР Министрлер Кабинетинин 29.05.23 ж. №291 токтомуПостановление · 29.05.2023 · № 291
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы ПЖ № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.05.2021 · № 114
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021