# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-мартындагы ПЖ № 70 "№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-мартындагы ПЖ № 70 "№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: УП№70
- Кабыл алынган күнү: 29.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434921>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10082/edition/1237844/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/434921.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-мартындагы ПЖ № 70 "№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыгы (29.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434921

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2023-жылдын 29-марты ПЖ № 70

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абиров Жаныбек Болотбековичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59, 65-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылат:

1. № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына, жекшембиге дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоону өткөрүүнү уюштурсун.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) шайлоону өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан бекитилген чыгымдардын сметасына ылайык зарыл болгон финансылык каражаттарды бөлсүн;

2) шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык электрондук системалардын киберкоопсуздугун, электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалыматтарды алмашууну, мыйзамдарда аныкталган маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн үзгүлтүксүз жана коопсуз байланыш каналдарын, Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде шайлоочулардын тизмесин түзүүнү жана анын маалыматтарын актуалдаштырууну камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көмөк көрсөтсүн;

3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнү жөнгө салуучу мыйзамдардан келип чыгуучу башка иш-чараларды белгиленген тартипте ишке ашырууну камсыз кылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылсын.

5. Бишкек шаарынын мэри шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин түзүү, тактоо, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча тиешелүү аткаруу органдарынын жана шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.

6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
