# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 26-июну ПЖ № 141 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 26-июну ПЖ № 141 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434909>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10071/edition/1231721/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/434909.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 26-июну ПЖ № 141 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу Жарлыгы (10.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434909

---

КР Президентинин 2021-жылдын 10-декабрындагы ПЖ № 558 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2018-жылдын 26-июну ПЖ № 141 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссиянын курамы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссиянын КУРАМЫ

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары, Комиссиянын төрагасы;

Комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Жетекчиси (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн кадрлар секторунун башчысы, Комиссиянын катчысы.".

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жээнбеков
