# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 30-январындагы ПЖ № 15 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кабыл алуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 30-январындагы ПЖ № 15 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кабыл алуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 30.01.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434883>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10050/edition/1217758/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/434883.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 30-январындагы ПЖ № 15 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кабыл алуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" Жарлыгы (09.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434883

---

КР Президентинин 2026-жылдын 9-апрелиндеги № 139 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2023-жылдын 30-январы ПЖ № 15

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кабыл алуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун аудитинен ийгиликтүү өтүүсү жана "ЕБнын кара тизмесинен" чыгуу максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кабыл алуунун эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
