# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 366 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 366 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 366
- Кабыл алынган күнү: 05.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434866>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10037/edition/1206912/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/434866.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 366 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жарлыгы (05.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434866

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 5-ноябры ПЖ № 366 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:

## II бөлүмүнүн 4-главасынын 6-пунктунун "Министрликтер, мамлекеттик комитеттер" графасында:

- "Жогорку кызмат орду" тобунун "Ж-Б" категориясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Министрликтин чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүгүнүн жетекчиси(\*)";

- "Башкы кызмат орду" тобунун "Б-А" категориясы төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"Министрликтин чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары".

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 11-ноябрындагы № 98 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н.Жапаров
