Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 366 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 „Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 5-ноябры ПЖ № 366 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
II бөлүмүнүн 4-главасынын 6-пунктунун "Министрликтер, мамлекеттик комитеттер" графасында:
- "Жогорку кызмат орду" тобунун "Ж-Б" категориясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Министрликтин чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүгүнүн жетекчиси(*)";
- "Башкы кызмат орду" тобунун "Б-А" категориясы төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Министрликтин чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 11-ноябрындагы № 98 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.