Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 378 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 „Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 21-ноябры ПЖ № 378 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
- I бөлүмдө:
1-глава төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи-он тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"Министрдин орун басары, мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары, Президентке караштуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары (Президенттин түздөн-түз карамагында), Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомствонун жетекчисинин орун басары, аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчисинин орун басары Мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчиси (Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары) Мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары (Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары)";
2-глава төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"Президенттин иш башкаруучусунун орун басары";
- II бөлүмдүн 4-главасында:
3-пункттун "Жогорку кызмат орду" тобу алып салынсын; 5-пункттун "Жогорку кызмат орду" тобунун "Ж-А" категориясы алып салынсын; 6-пунктта: "Жогорку кызмат орду" тобунун "Ж-А" категориясы алып салынсын; "Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин ведомстволук бөлүмдөрү" бөлүмүндө: "Жогорку кызмат орду" тобунун "Ж-Б" категориясы алып салынсын; "Башкы кызмат орду" тобунун "Б-А" категориясында биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ведомстволук бөлүмдүн жетекчисинин орун басары (мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары)(*)"; 7-пункттун "Жогорку кызмат орду" тобу алып салынсын; 8-пунктта: "Жогорку кызмат орду" тобу алып салынсын; "Ведомстволук бөлүмдөр" бөлүмүнүн "Башкы кызмат орду" тобунун "Б-А" категориясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ведомстволук бөлүмдүн жетекчисинин орун басары (мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары)"; 10-пункттун "Укук коргоо органдары" бөлүмүнүн "Башкы кызмат орду" тобунун "Б-А" категориясынын экинчи абзацы алып салынсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-апрелиндеги № 195 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы № 98 "Кыргыз Республикасында топтолуучу пенсиялык системаны өнүктүрүү…Постановление · 01.04.2014 · № 195 · Күчүн жоготкон