# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 386 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесине "улуттук" статусун ыйгаруу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 386 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесине "улуттук" статусун ыйгаруу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 386
- Кабыл алынган күнү: 07.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434851>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10024/edition/1199275/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/434851.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 386 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесине "улуттук" статусун ыйгаруу жөнүндө" Жарлыгы (07.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434851

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 7-декабры ПЖ № 386

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесине "улуттук" статусун ыйгаруу жөнүндө

Өлкөнүн аймагынын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган алдын алуучу медицина чөйрөсүндөгү илимий-практикалык жана билим берүү ишин өнүктүрүү жана калктын ден соолугун коргоо жана чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесине "улуттук" статусу ыйгарылсын жана мындан ары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту" деп аталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
