Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 321 «Кыргыз Республикасынын Президентинин кадрлар резервдерин түзүү жана алардын иштөөсү чөйрөсүндөгү айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 13 февраля 2026 года № 43 "О формировании и функционировании резервов кадров на административные должности государственной гражданской службы и муниципальной службы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-02-13.
КР Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы N 43 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 23-сентябры ПЖ № 321 Кыргыз Республикасынын Президентинин кадрлар резервдерин түзүү жана алардын иштөөсү чөйрөсүндөгү айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 226 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кадрлар резервин түзүү жана анын иштөө системасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 47-беренелерине, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык токтом кылам:
1. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 226 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.";
- 24-пунктунун экинчи абзацындагы "3төн" деген сөз "2ден" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 25-пунктунун экинчи абзацындагы "3төн" деген сөз "2ден" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 27-пунктунда:
бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрлар резервинде турган адам ээлеген кызмат ордунан бошотулгандыгына байланыштуу (эгерде адам ушул Жобонун 21-пунктуна ылайык кадрлар резервине киргизилген учурда);"; төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: "- бош административдик кызмат орундарын ээлөөдөн эки жолудан көп баш тартканда.".
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралы № 43 "Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин…Указ · 13.02.2026 · № 43
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 226 "Айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарына…Указ · 01.08.2025 · № 226
- Шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн муниципалдык кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө…Положение · 05.11.2021 · № 521 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн региондук кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө…Положение · 05.11.2021 · № 521 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс…Положение · 02.02.2022 · № 24 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 521 "Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.11.2021 · № 521 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 27.10.2021 · № 125
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралы № 43 "Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин…Указ · 13.02.2026 · № 43
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 226 "Айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарына…Указ · 01.08.2025 · № 226
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 24 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын…Указ · 02.02.2022 · № 24 · Күчүн жоготкон