# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ № 375 "Кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ № 375 "Кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 375
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434839>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10012/edition/1196184/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/434839.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ № 375 "Кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" Жарлыгы (14.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434839

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 14-ноябры ПЖ № 375 Кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. ЕАЭБ ТЭИ ТН 7204 коду менен классификациялануучу кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихт куймаларын) Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга (экспорттоого) 2022-жылдын 1-декабрынан тартып алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин.

2. Кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихт куймаларын) кайра иштетүү Кыргыз Республикасынын аймагында гана жүзөгө ашырылат деп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:

- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;

- ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салууну 2023-жылдын 1-июнунан тартып алты ай сайын узартып турсун;

- ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка толук чараларды көрсүн.

5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул Жарлыктын расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирүүчү 4-пунктун кошпогондо, бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 18-нобрында № 102 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров
