# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 352 "Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо маселелери жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 352 "Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо маселелери жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 352
- Кабыл алынган күнү: 18.10.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434833>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10007/edition/1202444/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/434833.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 352 "Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо маселелери жөнүндө" Жарлыгы (18.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434833

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 18-октябры ПЖ № 352 Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын аймагында билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоону камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо боюнча мамлекеттик үлүшү бар жергиликтүү ишканалардын (компаниялардын) ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71, 89-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Уставдык капиталындагы 77,36% үлүшү мамлекетке таандык болгон "Учкун" ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоочу болуп аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоодо ушул Мыйзамды колдонбоону караган "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үч айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;

- ушул Жарлыктан - келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
