# Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы 2022-жылдын 24-октябры ПЖ № 357 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясын кайра уюштуруу жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы 2022-жылдын 24-октябры ПЖ № 357 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясын кайра уюштуруу жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 357
- Кабыл алынган күнү: 24.10.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434828>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10003/edition/1192248/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/434828.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы 2022-жылдын 24-октябры ПЖ № 357 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясын кайра уюштуруу жөнүндө" жарлыгы (24.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434828

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2022-жылдын 24-октябры ПЖ № 357 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясын кайра уюштуруу жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы ПЖ № 327 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ишин өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы анын курамынан А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумун бөлүү жолу менен кайра уюштурулсун.

2. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы ПЖ № 327 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 19-январындагы № 19 "Кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча бирдиктүү окуу-илимий комплексти түзүү жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 19-августунан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
