# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 23-сентябры ПЖ № 322 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 23-сентябры ПЖ № 322 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 322
- Кабыл алынган күнү: 23.09.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.09.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434822>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10001/edition/1276102/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/434822.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.09.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 23-сентябры ПЖ № 322 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө" Жарлыгы (23.09.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434822

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 23-сентябры ПЖ № 322 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө Кызыкчылыктардын кагылышуусун, коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо, жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинде калыстыкты камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 6-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судъяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын сунушу боюнча токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым иштеп жаткан судьялары Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган калган мөөнөткө судьянын ыйгарым укуктарын андан ары жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкү жергиликтүү сотторго которулсун:

- Ош облустук сотуна:

Алимкулов Нургазы Халилович - Баткен облустук сотунан;

- Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотуна:

Бекбулатов Айбек Бектурсунович - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунан;

- Жалал-Абад облустук сотуна:

Койломбаев Азамат Ишимбекович - Нарын облустук сотунан;

- Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотуна:

Абдрахманов Рахманаали Аширалиевич - Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотунан;

- Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотуна:

Саргалдаков Искендер Бекболотович - Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунан;

- Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотуна:

Омуралиев Мэлис Асанбекович - Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунан;

- Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык сотуна:

Аскарбеков Арстанбек Аскарбекович - Чүй облусунун Москва райондук сотунан;

- Баткен облустук сотуна:

Султанканов Бактыбек Султанканович - Нарын облустук сотунан;

- Ысык-Көл облустук сотуна:

Бердибеков Алтынбек - Нарын облустук сотунан;

- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотуна:

Нурбаев Бакытбек Сайдиллаевич - Нарын облусунун Жумгал райондук сотунан;

- Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотуна:

Осмонов Тарасбек Сапарбекович - Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотунан;

- Нарын облустук сотуна:

Исажанов Келдибек Сайдахматович - Ош облустук сотунан; Кудабаева Гульбара Ишеновна - Ысык-Көл облустук сотунан; Мусурманкулов Бекмухаммет Лутуббилаханович - Жалал-Абад облустук сотунан;

- Нарын облусунун Жумгал райондук сотуна:

Бектемиров Куралбек Абдималикович - Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык сотунан;

- Чүй облусунун Москва райондук сотуна:

Каримова Жыпар Кудайбердиевна - Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунан;

- Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна:

Ормушев Тилек Эмилбекович - Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунан;

- Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна:

Эралиев Талайбек Каскаевич - Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотунан.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу финансылык маселелерди чечсин.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
