# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы УП № 328 "Кыргыз Республикасынын Презндентинин Элдик Курултайды өткөрүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы УП № 328 "Кыргыз Республикасынын Презндентинин Элдик Курултайды өткөрүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 328
- Кабыл алынган күнү: 28.09.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434813>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9994/edition/1272769/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/434813.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы УП № 328 "Кыргыз Республикасынын Презндентинин Элдик Курултайды өткөрүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жарлыгы (08.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434813

---

КР Президентинин 2025-жылдын 8-декабрындагы № 352 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2022-жылдын 28-сентябры УП № 328

Кыргыз Республикасынын Презндентинин Элдик Курултайды өткөрүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (КР Президентинин 2023-жылдын 15-августундагы ПЖ № 194 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы № 152 "Жергаликтүү маанидеги иштерди башкарууда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрүнүн элдик курултайынын ролун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө жободо: 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "10. Элдик курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиялар (мындан ары - комиссия) жергиликтүү кеңеш тарабынан жергиликтүү кеңештин депутаттарынын, калктын демилгелүү топторунун, жарандык коомдун, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн, айыл өкмөтүнүн/шаарлардын мэрияларынын кызматкерлеринин ичинен 5-11 адамдан түзүлөт."; 13-пунктту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "13. Баштапкы аймактык деңгээлдеги элдик курултайга делегаттар жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн санын жана тийиштүү администрациялык-аймактык бирдикке кирген калктуу конуштардын санын эске алуу менен, жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген өкүлчүлүк нормасына ылайык шайланат. Жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн саны төмөнкүдөй болгондо элдик курултайдын өкүлчүлүгүн сунуш кылынган нормасы:

- 2 000ге чейин

- 2 001ден 5 000ге чейин

- 5 001ден 10 000ге чейин

- 10 001ден 20 000ге чейин

- 20 001ден 30 000ге чейин

- 30 001ден ашык

- Ош шаары

- Бишкек шаары

20; 40; 50; 100; 150; 200; 500;

800.";

- 14-пункттагы "төрт жылга" деген сөздөр "бир жылга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

- "19. Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайын тиешелүү аймактын жергиликтүү кеңешинин төрагасы ачат.".

2. (КР Президентинин 2023-жылдын 15-августундагы ПЖ № 194 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

3. Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитети, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н.Жапаров
