# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 283 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 283 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 283
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434802>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9983/edition/1184474/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/434802.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 283 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Жарлыгы (15.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434802

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 15-августу ПЖ № 283 Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын инвентаризациялоонун алкагында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1993-жылдын 13-июлундагы № 200 "Кыргыз республикалык Агробизнес борбору жөнүндө" Указы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 24-апрелиндеги № 104 "Талды-Булак левобережный" жана "Куран-Жайлоо" алтын кени чыккан жерлерди иштетүүнү тездетүү боюнча чаралар жөнүндө" Указы;

3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 27-сентябрындагы № 230 "Ак-Шумкар" финансы-өнөр жай тобунун "Жогорку технологияларды өздөштүрүү жана машина жасоо ишканаларын модернизациялоо" деген программасы жөнүндө" Указы;

4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 2-майындагы № 158 "Тамекини жана тамеки буюмдарын өндүрүүгө мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө" Указы;

5) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы № 235 "Кыргыз Республикасында чыгарылган алтын менен операция жүргүзүүнү тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Указы;

6) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 28-декабрындагы № 389 "Граждандык авиацияны мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Указы;

7) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 20-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин андан ары өнүктүрүү жөнүндө" Указы;

8) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 23-июнундагы № 203 "Кыргыз Республикасында граждандык авиациянын өнүгүшүн мамлекеттик колдоо жөнүндө" Указы;

9) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 12-июлундагы № 169 "М.Т.Керимкуловду жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысына - Бишкек шаарынын мэрине шайлоо үчүн сунуш" Указы;

10) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы № 150 "Кыргыз Республикасынын айыл жериндеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын нормативдик укуктук актылар менен камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Указы;

11) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-сентябрындагы № 268 "Укук коргоо органдарынын ишин координациялоону тартипке салуу жөнүндө" Указы;

12) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 26-сентябрындагы № 256 "XXI кылымдын Эл аралык билим берүү жана илим борборун түзүү жөнүндө" Указы;

13) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-майындагы № 151 "Кыргызстан - адам укугунун өлкөсү" Улуттук идеясын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Указы;

14) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 4-июнундагы № 170 "Ош областынын Ноокат районунун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жөнүндө" Указы;

15) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 14-августундагы № 265 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү жана экспорттук контролдоонун улуттук тутумун киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;

16) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 9-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай өндүрүшүнүн кызматкерлерин сыйлоо жана дем берүүнүн кээ бир чаралары жөнүндө" Жарлыгы;

17) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-августундагы № 314 "Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка киришкенден кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ишин улантышы жөнүндө" Жарлыгы;

18) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 9-январындагы № 5 "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы жөнүндө" Жарлыгы;

19) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-июнундагы № 306 "Кыргыз Республикасынын калктар боюнча Улуттук комиссиясы жөнүндө" Жарлыгы;

20) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 28-февралындагы № 77 "Кадр саясатын жана мамлекеттик кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруунун мониторинг системасын андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы;

21) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 14-мартындагы № 95 "Менчигинде оң тараптан башкарылуучу, автотранспорт каражаттары бар жарандардын жана юридикалык жактардын менчик укугун камсыз кылуунун кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгы;

22) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 8-майындагы № 240 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарга ээ болуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу тууралу" Жарлыгы;

23) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы № 464 "Тышкы соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана экспорттук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы;

24) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 12-январындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясын жайгаштыруу, долбоорлоо жана куруу ишчаралары жөнүндө" Жарлыгы;

25) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 132 "Кыргыз Республикасында магистралдык темиржолдорду куруунун уюштуруу маселелери жөнүндө" Жарлыгы;

26) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 2-сентябрындагы № 314 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-июнундагы "Кыргыз Республикасынын калктар боюнча Улуттук комиссиясы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

27) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 4-сентябрындагы № 317 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясын реформалоо боюнча кээ бир чаралар жөнүндө" Жарлыгы;

28) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 18-декабрындагы № 452 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы "Тышкы соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана экспорттук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

29) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 10-февралындагы № 96 "Мамлекеттик мүлктү башкарууну өркүндөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгы;

30) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 24-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;

31) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 3-июнундагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймагында өзгөчө абалды жокко чыгаруу жөнүндө" Жарлыгы;

32) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 1-июлундагы № 155 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы;

33) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы № 119 "Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы;

34) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 13-декабрындагы № 222 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 1-июлундагы "Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

35) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 17-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы "Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

36) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитетинин курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы;

37) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 24-сентябрындагы № 189 "Кыргыз Республикасында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
