# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 13-июлундагы ПЖ № 225 "Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 13-июлундагы ПЖ № 225 "Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 225
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434787>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9971/edition/1183513/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/434787.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 13-июлундагы ПЖ № 225 "Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" Жарлыгы (13.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434787

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 13-июлу ПЖ № 225 "Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 2020-жылдын 10-ноябрындагы № 7 чечимин ишке ашыруу, ШКУ менен Жибек жолу өлкөлөрүнүн ортосунда маданият жаатындагы эл аралык кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү чыңдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жалпы маданий мурастарын сактоо, өнүктүрүү жана маданий потенциалын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

- "Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемесин түзсүн;

- "Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемесинин жобосун, штаттык расписаниесин жана бюджетин иштеп чыксын жана бекитсин.

2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
