Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 225 «Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 13-июлу ПЖ № 225 "Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 2020-жылдын 10-ноябрындагы № 7 чечимин ишке ашыруу, ШКУ менен Жибек жолу өлкөлөрүнүн ортосунда маданият жаатындагы эл аралык кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү чыңдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жалпы маданий мурастарын сактоо, өнүктүрүү жана маданий потенциалын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- "Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемесин түзсүн;
- "Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемесинин жобосун, штаттык расписаниесин жана бюджетин иштеп чыксын жана бекитсин.
2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021