# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 244 "Сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына атайын класстык чендерди ыйгаруу, сактоо, төмөндөтүү жана ажыратуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 244 "Сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына атайын класстык чендерди ыйгаруу, сактоо, төмөндөтүү жана ажыратуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 244
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434778>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9963/edition/1179587/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/434778.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 244 "Сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына атайын класстык чендерди ыйгаруу, сактоо, төмөндөтүү жана ажыратуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434778

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 18-июлу ПЖ № 244 Сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына атайын класстык чендерди ыйгаруу, сактоо, төмөндөтүү жана ажыратуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 11-бөлүгүн, 71-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын сот системасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын ишин жакшыртуу жана материалдык камсыздоо максатында токтом кылам:

1. Сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына атайын класстык чендерди ыйгаруунун, сактоонун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 8-апрелиндеги № 132 "Кыргыз Республикасынын сотторунун аппараттарынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борборунун, Сот департаментинин жана мамлекеттик кызматчыларына атайын класстык чендерди берүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү тууралу" Жарлыгы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 21-апрелиндеги № 143 "Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын окуу Борбору жөнүндөгү" Жарлыгынын 11-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 30-майындагы № 188 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 2, 3-пункттары;

4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 26-декабрындагы № 467 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Жарлыгы.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 64 (3399) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
