# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-июлундагы ПЖ № 222 "Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-июлундагы ПЖ № 222 "Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 222
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434770>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9955/edition/1262148/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/434770.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-июлундагы ПЖ № 222 "Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгы (14.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434770

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 8-июлу ПЖ № 222 Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-майындагы ПЖ № 139, 2025-жылдын 14-июлундагы ПЖ № 205 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

Этил спиртин өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатуу чөйрөсүндө натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуу, этил спиртин контрабандалык ташып келүүгө жана контрафакттык продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланууга бөгөт коюу, республикалык бюджетке салыктык төлөмдөрдүн толук түшүүсүн камсыз кылуу, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдарды сактоо, калктын саламаттыгын коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын аймагында 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополия киргизилсин.

2. "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасына этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн жана импорттолгон этил спиртин сатууга эксклюзивдүү укук берилсин.

Этил спиртин колдонгон чарба жүргүзүүчү субъекттер эки жумалык мөөнөттө "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасына этил спиртин берүүгө жана сатууга колдонуудагы контракттарды макулдашуу үчүн берсин.

21. "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы этил спиртин, алкоголдук, фармацевттик жана парфюмериялык-косметикалык продукцияларды өндүрүү боюнча үзгүлтүксүз иштөөнү камсыз кылууга байланышкан товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызматтарды рынокко мониторинг жүргүзүү жана берүүчүлөр менен сатып алуу суммасына чектөө коюлбастан кийин түздөн-түз келишимдерди түзүү жолу менен сатып алууну жүзөгө ашырат деп белгиленсин.

(КР Президентинин 2023-жылдын 29-майындагы ПЖ № 139 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

3. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-июлундагы ПЖ № 205 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

4. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-июлундагы ПЖ № 205 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

5. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-июлундагы ПЖ № 205 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

6. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-июлундагы ПЖ № 205 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө:

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобону бекитсин;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна "Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатууга мамлекеттик монополия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун киргизсин;

- ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучулук, финансылык жана башка маселелерди белгиленген тартипте чечсин, ошондой эле мурда кабыл алынган чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

8. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

9. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
