Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН «Актив» саясий партиясынын кызыкчылыктарын көздөгөн Курманбек Белекович Иманалиевдин, «Глас народа» саясий партиясынын кызыкчылыктарын көздөгөн Джаныл Султанбековна Саипбаеванын, Эрик Бирликович Исраиловдун, Болотбек Арапбаевич Мариповдун жана Женишбек Сейтбекович Байгуттиевдин кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун, 2-бөлүгүнүн, 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1-беренесинин 18-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН ЧЕЧИМИ «Актив» саясий партиясынын кызыкчылыктарын көздөгөн Курманбек Белекович Иманалиевдин, «Глас народа» саясий партиясынын кызыкчылыктарын көздөгөн Джаныл Султанбековна Саипбаеванын, Эрик Бирликович Исраиловдун, Болотбек Арапбаевич Мариповдун жана Женишбек Сейтбекович Байгуттиевдин кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун, 2-бөлүгүнүн, 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 88 конституциялык Мыйзамынын 1-беренесинин 18-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
2021-жылдын 3-марты Бишкек шаары
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы, төрагалык кылуучу – К.А. Дуйшеевдин, судьялар М.Р. Бобукееванын, Л.П. Жумабаевдин, М.Ш. Касымалиевдин, К.Дж. Кыдырбаевдин, Э.Ж. Осконбаевдин, Ж.И. Саалаевдин, Ж.А. Шаршеналиевдин курамында, катчы К.А. Аблакимовдун, кайрылуучу тарап - «Актив» саясий партиясынын кызыкчылыктарын көздөгөн Курманбек Белекович Иманалиевдин, «Глас народа» саясий партиясынын кызыкчылыктарын көздөгөн Джаныл Султанбековна Саипбаеванын, Эрик Бирликович Исраиловдун, Болотбек Арапбаевич Мариповдун жана Женишбек Сейитбекович Байгуттиевдин; жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Света Садыковна Болджурованын, Нурлан Бакытбекович Кадыровдун; башка жактар – Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү Медер Кенешович Жусуповдун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүгү борборунун ишеним кат боюнча өкүлү Бакыт Абдыраевдин катышуусу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37, 42-беренелерин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун, 2-бөлүгүнүн, 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 88 конституциялык Мыйзамынын 1-беренесинин 18-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты. «Актив» саясий партиясынын кызыкчылыктарын көздөгөн К.Б. Иманалиевдин, «Глас народа» саясий партиясынын кызыкчылыктарын көздөгөн Дж.С. Саипбаеванын, Э.Б. Исраиловдун, Б.А. Мариповдун жана Ж.С. Байгуттиевдин өтүнүчтөрү бул ишти кароого себеп болду. Ишти кароого негиз болуп «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун, 2-бөлүгүнүн, 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 88 конституциялык Мыйзамынын 1-беренесинин 18-пунктунун Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү маселесинде пайда болгон күмөндүүлүк саналат. Ишти соттук отурумга даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы Ж.И. Саалаевдин маалыматын угуп, келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Т А П Т Ы: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2020-жылдын 19-августунда «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун, 2-бөлүгүнүн, 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 88 конституциялык Мыйзамынын 1-беренесинин 18-пунктунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 6-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына, 20-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 4-бөлүгүнө, 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацына ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. 2020-жылдын 9 жана 24-июлдарында «Актив» саясий партиясы 5 (беш) миллион суммасындагы шайлоо күрөөсү жана ар бир область, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча 0,7% босого түрүндө парламенттин депутаттарын шайлоолор жолунда белгиленген чектер бөлүгүндө шайлоо процессинин адилетсиздиги жөнүндө арыздар менен Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссияга кайрылган. Арыздануучунун пикири боюнча адилетсиздик Конституциянын 70-беренесинде парламентке өтүү үчүн шайлоо босогосу жөнүндө гана айтылганына карабастан, талашылып жаткан ченемдер Жогорку Кеңештин депуттаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоодо шайлоо күрөөсүн (беш миллион сом) киргизүү жана алар тарабынан ар бир область, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча шайлоочулардын 0,7% добушун алуу зарылдыгын орноткондугунда жатат. Кайрылуу субъектиси Конституциянын 2-беренесине ылайык эл Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаттарын шайлоодо бийликтин булагы болуп саналат деп көрсөтөт. Мыйзам чыгаруучу конституциялык түзүлүштүн негиздеринин бири катары эркин жана адилеттүү шайлоолор экендигинен келип чыгып, шайлоочулардын эркин билдирүүсүнүн жыйынтыктарын жана түзүлүп жаткан коомдук бийлик органдарынын мыйзамдаштыруусун бурмалоосуз жарандардын шайлоо укуктарын кепилдеген мындай укуктук жөнгө салууну орнотуу менен өткөрүү зарылдыгын болжойт, ал демократиялык, укуктук мамлекетте шайлоолордун табиятын жана арналышын эске алуусу керек, Конституция жана эл аралык келишимдер менен белгиленген шайлоо укуктарынын принциптерин сактоо керек, акылга сыйган жана шайкеш процедураларды орнотушу керек. Конституциянын 16-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес. Бирок, К.Б. Иманалиевдин пикири боюнча саясий партиялар мүлктүк абалы боюнча кодуланууга алынган. Укук субъекттеринин укуктары менен милдеттерин теңсиздикке алып келген ар кандай чаралар мыйзам чыгаруучу тарабынан Конституциянын 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын сактоо менен киргизилиши керек. Ушул ченемге ылайык, эгер чектөөлөр акталуу, негизделүү болуп, конституциялык-маанилүү максаттарды көздөгөн болсо, андай чектөөлөргө жол берилет, ал эми ушул максаттарга жетишүү үчүн колдонулуп жаткан чектөөлөр өлчөмдөш болуу керек жана конституциялык орнотмолордун алкагынан чыкпашы керек. Кайрылуу субъектиси эсептегендей, белгиленген конституциялык талаптар Конституциянын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда жана 4-бөлүгүндө бекитилген мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө шайлоо жана шайлануу, теңдик жана кодуланбоо принциптери менен өз ара байланышта каралышы керек. Бул принциптерге ылайык жарандарга мамлекеттик кызматка кирүүдө, мыйзамда каралган тартипте кызматка көтөрүлүүдө бирдей укуктар жана бирдей мүмкүнчүлүктөр кепилденет, бул алардын эч кандай кодулоосуз ар кандай мамлекеттик кызматты ээлөөгө болгон укугун билдирет. Мыйзам чыгаруучу саясий партиялар жана алардын талапкерлери үчүн шайланма кызматтарга кошумча талаптарды белгилөөдө талапкерлерге конституциялык талаптардын негизинде жаткан мамлекеттик кызматка кирүүдө коюлган бирдей жеткиликтүүлүк, бирдей мүмкүнчүлүктөр принциптерин жетекчиликке алуусу керек эле. Баяндалганды эске алуу менен, арыздануучу талашылып жаткан ченемдерди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранган. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 29-сентябрындагы судьялар коллегиясынын аныктамасы менен бул өтүнүч талашылып жаткан ченемдерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына, 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацына, 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацына ылайык келүүсүн текшерүү бөлүгүндө өндүрүшкө кабыл алынган. 2020-жылдын 4-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына «Глас народа» саясий партиясынын кызыкчылыктарын көздөгөн Дж.С. Саипбаеванын, Э.Б. Исраиловдун, Б.А. Мариповдун жана Ж.С. Байгуттиевдин «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 61-беренесинин 2-бөлүгүн, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 88 конституциялык Мыйзамдын 1-беренесинин 18-пунктунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына, 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацына ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Арыздануучулар өзүнүн өтүнүчүндө «Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» 2011-жылдын 2-июлундагы редакциясындагы № 68 конституциялык Мыйзамдын 61-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык каттоого чейин талапкерлерди тизмесин берген саясий партиялар жана берилген документтери текшерилгенден кийин, саясий партиялар өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен, БШКнын атайын фондуна мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн элүү миң эселенген өлчөмүндөгү (беш жүз миң) шайлоо күрөөсүн төлөйт. Ошону менен бирге, кайрылуу субъекттери түшүндүргөндөй, «Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 88 конституциялык Мыйзамдын 1-беренесинин 18-пункту менен аталган Мыйзамдын жогоруда көрсөтүлгөн беренесине элүү миң эселенген көрсөткүчкө чейин шайлоо күрөөсүн көбөйтүүнү караштырган өзгөртүү киргизилген, жыйынтыгында ал беш миллион сомду түзгөн. Арыздануучулардын пикири боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясы «шайлоо босогосу» деген гана түшүнүктү камтыганына карабастан (70-берененин 2-бөлүгү), «Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамы менен Жогорку Кеңештин депутатына же Кыргыз Республикасынын Президентине талапкерлерди каттоо үчүн Баш Мыйзамда каралбаган «шайлоо күрөөсү» деген түшүнүк талаптардын бири катары киргизилген. Дж.С. Саипбаева, Э.Б. Исраилов, Б.А. Марипов жана Ж.С. Байгуттиев жарандардын бийлик органдарына шайлануу укугу 1966-жылдын 16-декабрындагы Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 25-беренеси менен дагы кепилденген, Кыргыз Республикасы ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 12-январындагы №1406-XII токтому менен кошулган. Кайрылуу субъекттери ар кимди кандайдыр белгилер боюнча кодулоого тыюуну орноткон Конституциянын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына шилтеме жасашууда.Алардын пикири боюнча талашылып жаткан ченемдер мүлктүк абалы боюнча кодулоочу болуп саналат жана жарандардын шайлоого катышууга болгон укугун чектейт. Арыздануучулар адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдардын кабыл алынуусуна тыюу салууну, ошондой эле Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан даражада укуктарга жана эркиндиктерге мыйзам менен чектөө коюлушун белгилеген Конституциянын ченемдерине да шилтеме жасашууда (20-берененин 1, 3-бөлүктөрү). Алардын пикири боюнча мыйзам чыгаруучу шайлоочулардын жеткиликтүү колдоосуна ээ болбогон талапкерлерди шайлануучу кызматтарга ат салышуудан алып салганга жол берген атайын алдын ала шарттарды шайлоочулардын кызыкчылыгында караштырууга укуктуу эмес. Арыздануучулар болжогондой шайлоо күрөөсүн белгилөө шайлоонун жыйынтыктары менен түздөн-түз байланыштуу, анткени 5 000 000 (беш миллион) сом өлчөмүндөгү төлөнүп жаткан күрөөнүн суммасы, башка кыйла жетиштүү саясий партияларга салыштырмалуу зарыл суммасына ээ болбогон аз сандуу жана жаңы саясий партияларды тең эмес абалга коёт. Кайрылуу субъекттери ырастагандай, Конституциянын 20-беренесинин 2-бөлүгү менен адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери чектелиши мүмкүн болгон жана алардын башкача чечмелөөсүнө жол берилгис учурлардын толук тизмеси белгиленген. Алардын пикири боюнча мыйзам чыгаруучу тарабынан «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамда «шайлоо күрөөсү» түшүнүктүн киргизилүүсү чектөөчү мүнөздөгү чараларга кирет жана алар Конституциянын 20-беренесинин 2-бөлүгү менен белгиленген чектөөлөрдүн киргизилишине жол берүүчү жагдайлардын тизмесине кириши мүмкүн эмес. Андан тышкары, «Глас народа» саясий партиясынын өкүлдөрү өзүнүн жүйөлөрүн аргументтөөдө Кыргыз Республикасында жакырчылыктын деңгээлине тийиштүү расмий статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу органданын статистикалык маалыматтарына, ошондой эле акыркы жылдар ичинде мыйзам чыгаруу бйилиги органдарында шайлоого катышуучу саясий партиялардын санынын кыскарып келүүсүнүн деңгээлинин көрсөткүчтөрүнө шилтеме жасашууда. Ушул маалыматтардан алар Конституциянын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту менен кепилденген шайлоо укуктарын толук кандуу жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүнөн өлкөнүн төрттөн бир бөлүгүнөн ашуун жарандары ажыратылган деген тыянакка келишүүдө. Жогоруда келтирилген жүйөлөрдү толуктап, кайрылуу субъекттери «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзам долбооруна Венециялык комиссия жана ДИАУБ/ЕККУ тарабынан берилген корутундуга шилтеме жасашууда жана аны кошумча аргумент катары келтирилген кайрылууга тиркешкен. Баяндалганды эске алуу менен, арыздануучулар талашылып жаткан ченемдерди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранышкан. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2020-жылдын 8-октябрындагы аныктамасы менен «Глас народа» саясий партиясынын кызыкчылыктарын көздөгөн Дж.С. Саипбаеванын, Э.Б. Исраиловдун, Б.А. Мариповдун жана Ж.С. Байгуттиевдин өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган. «Актив» жана «Глас народа» саясий партияларынын талаптары окшош болгондуктан, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 30-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык судья-баяндамачынынын 2020-жылдын 12-октябрындагы аныктамасы менен көрсөтүлгөн иштер бир өндүрүшкө бириктирилген. Соттук отурумда арыздануучулар өзүнүн талаптарын колдошту жана аларды канааттандырууну суранышты. Жоопкер тараптын өкүлү С.С. Болджурова арыздануучулардын жүйөлөрүн негизсиз жана кийинкидей негиздер боюнча канааттандырууга жатпайт деп эсептейт. Кыргыз Республикасында шайлоо эркин болуп саналат, Жогорку Кеңештин депутаттарын, Президентти, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын депутаттарын шайлоо жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен өткөрүлөт (Конституциянын 2-беренесинин 4-бөлүгү).
С.С. Болджурова талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин БШКга шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документти берүүнүн милдеттүүлүгүн караган ченем жөнү бар жана акылга сыярлык болуп саналат («Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пункту).
Шайлоо күрөөсү шайлоо процессинин зарыл элементи болуп саналат, ал парламенттик шайлоого катышуу үчүн олуттуу ниети бар өзгөчө жооптуу талапкерлердин өтүшүн камсыз кылат. Конституциянын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда шайлоо жана шайлануу укугунун негиздери, ал эми «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамда ийне жибине чейин белгиленген. Пассивдүү шайлоо укугу – бул адамдын өкүлчүлүктүү органдын курамында шайланууга болгон субъективдүү укугу, ушуга байланыштуу, шайлоочуларга караганда шайлануучу кызматтарга ат салышуучуларга кыйла олуттуу талаптар коюлат. Жарандар өзүнүн шайлануу укугун мажбурлоонун негизинде эмес, ыктыярдуу эркин шайлоо принцибинин негизинде аны жүзөгө ашырат.Шайлоого ыктыярдуу катышуу принциби - эч ким жаранды шайлоого катышуусун же катышпоосун мажбурлоо же анын өз эркин билдирүүго тоскоолдук кылуу максатын көздөп ага таасир этүүгө укуктуу эмес дегенди билдирет. Демек, Жогорку Кеңештин депутаты болуу – ал жарандын милдети эмес, ал анын укугу. Ушул конктекстте мыйзам чыгаруучу тарабынан шайлоо күрөөсүн белгилөөгө жол берилет, анткени ал шайлануу укугунун жүзөгө ашырылуусу болгон жалпыга маанилүү конституциялык максаттарга жетишүүгө багытталган. Шайлоо күрөөсү талапкерди каттоо шарттарынын бири болуп саналат жана кызматка шайлануу үчүн күрөшүүгө чындап ниети болбогон же чоң эмес (таасири жок) партиялардын атынан чыккан талапкерлерди элөө үчүн кошумча элек катары каралат. Шайлоо күрөөсү дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө бар жана депутаттыкка таалпкерди каттоо үчүн сөзсүз шарт болуп саналат. Демек, шайлоо процедурасындагы шайлоо күрөөсүнүн болушун жарандардын пассивдүү шайлоо укугун мүлктүк абал боюнча чектөө катары кароого болбойт. Мындай күрөө депутаттыкка талапкерди каттоо шарттарынын бири гана, демек Конституциянын 16-беренесинин 2-бөлүгү, 20-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрү жана 52-беренесинин 1 жана 4-бөлүктөрү менен каралган конституциялык укуктардын бузулушу катары каралышы мүмкүн эмес. Жоопкер тараптын өкүлү мамлекеттин милдети Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын жоболорунан (2-беренесинин (b) пункту жана 25-беренеси) келип чыгат деп түшүндүрмө берди, алар ар бир жаран добуш берүүгө катышууга укуктуу: орундар шайлоо аймактары ичинде текши бөлүштүрүлүшү керектигин караштырышат. Ал шайлоо аймактары ичинде кийинки критерийлердин негизинде орундардын ачык жана текши бөлүштүрүлүшүн болжойт: калк, жашаган жарандардын саны, катталган шайлоочулардын саны, жана добуш берүүгө катышкан адамдардын саны болушу мүмкүн. Андан тышкары, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттеринде Демократиялык шайлоолордун, шайлоо укуктарынын жана эркиндиктердин стандарттары жөнүндө Конвенциянын 1-беренесинин 1-бөлүгүндө (Кишинев шаары, 2002-жылдын 7-октябры) демократиялык шайлоолор – бул бийликтин түздөн-түз жогорку билдирүүсү жана элдин эркинин бири, мамлекеттик бийликтин шайланып жаткан органдарынын, шайлануучу кызмат адамдарынын негизи болуп саналгандыгы аныкталган. Жоопкер тараптын өкүлү мыйзам чыгаруучу шайлоочулардын кызыкчылыгында шайлоочулардын жеткиликтүү колдоосу болбогон катышуучуларды шайлоо процессинен алып салууга жол берүүчү атайын алдын ала шарттарды караштырууга укуктуу деп түшүндүдү. Алсак, колдонуудагы пропорционалдуу шайлоо тутумунда Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо депутаттык мандаттар талапкерлердин тизмеси ортосунда бөлүштүрүлөт, добуштар болсо, талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берилгенине жараша бөлүштүрүлөт («Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 59-беренесинин 2-бөлүгү). Мыйзам чыгаруучу шайлоо тутумундагы бул процедураны тандап жатып, шайлоочуларга эркин билдирүүгө, саясий плюрализмди сактоого жана азчылыктардын жана башка коомдук топтордун кызыкчылыктарын коргоого жол берген даражасын эске алган. Мыйзам чыгаруучу тарабынан киргизилген шайлоо күрөөсү шайлоо укугун жүзөгө ашырууда маанилүү роль ойнойт, анткени ал шайлоону өткөргөнгө чейин жарандарга талапкерди же партияны тандоодо аныктоого жеңил болуш үчүн партия тутумун калыптандырууга жана бекемдөөгө көбүрөөк даражада таасирин тийгизет, болгондо да ушул тандоо акылга сыяр жана таразага салынган болуу керек. Жергиликтүү же тар этникалык кызыкчылыктарга негизделген партиялар мыйзам чыгаруу бийлигине кирип кетпеси үчүн региондук босогону киргизүү шарты эрежеге киргизилген. Мыйзам чыгаруучу региондук шайлоо күрөөсүн киргизип, парламентте бардык региондордун өкүлчүлүктүүлүгүн бекиткиси келген. Ушуга байланыштуу, С.С. Болджурова, эгер кайсыл бир партия ар бир область, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 0,7 пайызынан кем эмес добуштун зарыл санын ала албашынан күмөн санаса, анда бул партия жалпы республикалык саясий партия макамына талапкер болуу жана министрлер кабинетин түзүүгө укукка ээ болбош керек деп эсептейт. Ошон үчүн бул ченем саясий партиялар өзүнүн ынанымдары, багыттары боюнча бириксин деп киргизилген. 0,5 пайыз түрүндөгү региондук босогону киргизүүдө Кыргызстанда бир катар оппозиячыл саясатчылар жана укук коргоочулардын тобу шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдөн улам атүгүл күчтүү саясий партиялар да парламенттик шайлоолордо жеңишке келе албайт деп эскертишкен. Бирок, тажрыйба көрсөткөндөй, республикалык босогодон өткөн саясий партиялар региондук босогодон да өтүп келген. Жоопкер тараптын өкүлү ырастагандай, бийликтин мыйзам чыгаруу органына түз шайлоолор тутуму айкындык режиминде иштөөсүнүн милдеттүү шарты менен улуттук аныктоонун предмети болуп саналат, ал жалпыга бирдей шайлоо укугуна таянат жана аны талапкерлерди же саясий партияларды мүлктүк белгилер боюнча кодулоо деп эч эсептөөгө болбойт. Жоопкер тараптын экинчи өкүлү Н.Б. Кадыров С.С. Болджурованын жүйөлөрүн колдоду. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү М.К. Жусупов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинини өкүлдөрүнүн көз караштарынын аргументтерине окшош жүйөлөрдү келтирди. Мында шайлоого катышкан шайлоочулардын добушунун 1 пайыздан кем алган талапкерлер менен саясий партияларга шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет деп белгиленген. Аны менен, анын пикири боюнча мыйзам чыгаруучу «шайлоо күрөөсүн» талаптардын бири катары белгилеп, кыйла жооптуу жана белгиленген тартипте талапкерлигин коюу ниети бар талапкерлердин шайлоодо катышуусун жана балким, шайлоодо күрөшүүгө чындап ниети болбогон саясий партияларды жана талапкерлерди же эң аз электораты болгон чакан партиялардын атынан чыккандарды элөө үчүн кошумча элек катары караштырган.
М.К. Жусупов шайлоо босогосу жана күрөөсү Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, Армениянын, Украинанын жана башка өлкөлөрдүн мыйзамдарында каралгандарын белгилеген. Мында шайлоо күрөөсүнүн суммасын жана шайлоо босогосунун өлчөмүн аныктоо мыйзам чыгаруучунун дискрециясына таандык.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун өкүлү Б. Абдыраев Конституция конституциялык мыйзам менен жөнгө салынууга тийиш коомдук мамилелерди белгилейт, аларга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосун даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу, мамилелер да кирет (70-берененин 2-бөлүгү). «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын Жогорку Кеңештин депутатыгына талапкерлердин тизмесин каттоо тартибин регламенттөөчү 61-беренеси менен талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө БШКка башка документтер менен бирге шайлоо күрөөсүнүн киргизилгедигин күбөлөндүрүүчү документти да тапшырат деп белгиленген. Кыргыз Республикасы шайлоону демократиялык мамлекеттин баштапкы баалуулуктарынын бири катары таанып, Конституцияда шайлоо укугу жана мамлекеттик бийликтин органдарына шайлануу укугу болгон жарандардын шайлоо укуктарын бекитет. Мында Б. Абдыраев шайлоо укугу – абсолюттук эмес, ошон үчүн мыйзам чыгаруучуга жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруунун тартибин жана шарттарын аныктоо, анын ичинде, эреже катары, жарамдуулукка, жарандыгы бардыгына, жаш курагына жана башка маселелерге байланыштуу шайлоо укуктарынын бирдиктүү жана атайын чектөөлөрдү белгилөө укугу берилген. Мында анын пикири боюнча талашылып жаткан ченемдер укуктардын укуктук чектөөлөрүнүн жалпы белгилерине ээ эмес, алар адамдын, жарандын жалпыга таанылган укуктарын жана эркиндиктерин, аларды жүзөгө ашырунуунун конституциялык кепилдиктерин чектебестен жана жокко чыгарбастан талапкерлердин шайлоого катышуусу үчүн күрөө түрүндө гана алдын ала шарты белгилейт. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту туурасында Б.Абдыраев эл бийлиги принциби жана шайлоо укуктарынын конституциялык-укуктук табияты Кыргыз Республикасынын жарандары өзүнүн шайлоо укуктарын толук баалуу жүзөгө ашырылуусун кепилдеген уюштуруучулук механизмерди ченемдик-укуктук базаны кабыл алуу аркылуу мамлекеттин милдетин алдын ала аныктайт. Жарандарга мамлекетти башкарууда түздөн-түз да, өзүнүн өкүлдөрү аркылуу катышуу укугун да, анын ичинде шайлоо укугун жана өкүлчүлүктүү органдарга шайлануу укугун кошкондо, алардын Конституцияда кепилденген жана жүзөгө ашырунун ыкмаларын жана шарттарын аныктап жатып, Конституциянын талаптарынын күчүнөн улам мыйзам чыгаруучу негизделбеген чектөөлөргө жол берүүгө укуктуу эмес. Мында Б. Абдыраев мамлекет тийиштүү механизмдерди, каражаттарды жана методдорду тандоодо дискрецияга ээ экендигин белгилеген. Алсак, өкүлчүлүктүн пропорционалдуулугун кыскартууга чакырылган жана мыйзам менен орнотулган шайлоо босогосу түрүндөгү чектөө парламенттин майдаланып кетишине жол бербейт, ал туруктуу көпчүлүктүн, жалпысынан бекем мыйзам чыгаруу бийлигин жана конституциялык түзүлүштү түзүү жолу менен анын ченемдүү иштешин камсыз кылат. Ошентип, Конституция мыйзам чыгаруучуга парламентке өтүү үчүн республикалык дагы, региондук дагы шайлоо босоголорун орнотуу мүмкүндүгүн алып салбайт. Ушуга байланыштуу, анын пикири боюнча талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт. Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовдун жазуу жүзүндөгү көз карашына ылайык талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн белгиленген өлчөмдөгү шайлоо күрөөсүн киргизүү (61-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту, 2-бөлүгү) жана Жогорку Кеңеште депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө саясий партияларды киргизүү үчүн шайлоо босогосун белгилөө (64-берененин 2-бөлүгү) конституциялык Мыйзамдын талаптары болуп саналат, аны менен Конституциянын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацына ылайык Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартиби аныкталат. БШК өкүлү тарабынан БШКтын 2020-жылдын 3-сентябрындагы № 120 Чечими менен «Актив» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартылган деп белгиленген. Баш тартууга конституциялык Мыйзамдын 60-беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацын сактабоо (көрсөтүү тартибин сакталбагандыгы) жана жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын 61-беренесине ылайык шайлоо күрөөсүн киргизгени жөнүндө документти көрсөтпөгөнү негиз болгон. Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2020-жылдын 7-сентябрындагы Чечиминде «Актив» саясий партиясы конституциялык Мыйзамдын талаптарын сактаган эмес, ушуга байланыштуу БШКтын жогоруда көрсөтүлгөн чечимин мыйзамсыз деп табуу үчүн негиздер жок деп да көрсөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун админстративдик иштер боюнча соттук коллегиясы 2020-жылдын 14-сентябрындагы токтомунда ушундай эле тыянакка келген. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди:
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пункту, 2-бөлүгү, 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 1-беренесинин 18-пункту саналат: «61-берене. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо
1. Талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берет:
3) шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документти.
2. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен, Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондуна мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн он миң эселенген өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төгөт.
64-берене. Шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана расмий жарыялоо
2. Шайлоо округу боюнча депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүдөн төмөнкү саясий партиялар, талапкерлердин тизмеси чыгарып салынат:
2) ар бир облус, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 0,7 пайыздан азын алган.
18. 61-берененин 2-бөлүгүндө:
биринчи абзацындагы "беш миң эселенген" деген сөздөр "элүү миң эселенген" деген сөздөргө алмаштырылсын; экинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Күрөөнүн калган суммасы бюджетке чегерилүүгө жатпайт жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө, шайлоо тутумун өркүндөтүүгө максаттуу багыттоо менен пайдаланылат.». «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы Жогорку Кеңеш тарабынан 2011-жылы 30-июнда кабыл алынган, «Эркин-Тоо» гезитинде 2011-жылы 5-июлда № 54 номур менен жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп эсептелет. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 88 конституциялык Мыйзамы Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылы 9-апрелде кабыл алынган, «Эркин-Тоо» гезитинде 2015-жылы 24-апрелде № 35-36 номурларында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп эсептелет.
2. Демократиялык шайлоолор элдин эркин эң жогорку билдирүүсү, бардык мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынынын , ошондой эле башка элдик өкүлчүлүк органдарынын жана шайланма кызмат адамдарынын калыптануусунун негизи болуп саналат.
Бул уюштуруучулук конституциялык бийликтин булагы болуп эл саналып, анын негизинде жарандар өзүнүн өкүлдөрүн шайлашат жана өлкөнүн жогорку башкаруу органдарын түзөт дегенди билдирет. Ушундан улам, Кыргыз Республикасынын Конституциясы жарандардын мамлекеттин иштерин башкарууда шайлоо жана мамлекеттик органга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлануу укугун кепилдөө аркылуу катышуусун бекитет (52-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту). Бул укук инсандын саясий эркиндигин жана мамлекеттин демократиялык негиздерин камсыз кылуунун конституциялык механизминде өз алдынча юридикалык мааниге ээ. Инсандын саясий эркиндиги, эң кур дегенде, юридикалык чагылуунун эки деңгээлине ээ, алар бир тарабынан инсандын бийликтин шайланма органдарын түзүүсүнө катышууга субъективдүү умтулуусун, экинчи тарабынан, мамлекеттик жана муниципалдык бийлик тутумунун туруктуу жана натыйжалуу конструкциясында социалдык маанилүүлүк жана коомдук муктаждыкты ишке ашырырышат. Башка сөздөр менен айтканда, шайлоо жана шайлануу укугу мамлекет органдарынын калыптандыруунун бардык процесстеринин борборунда турат жана бийлик түзүүчү мүнөздү алып жүрөт. Шайлоо укуктары негизги элементтердин бири болуп саналат, алар мамлекеттин иштерин башкарууга жана жалпы мамлекеттик менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө түздөн-түз катышууга эң эле жеткиликтүү, натыйжалуу, мезгилдүү кайталанып туруучу мүмкүндүк болуп саналат.
3. Кыргыз Республикасы демократиялык укуктук мамлекет болуп саналат, анда шайлоолор эркин, жашыруун добуш берүү аркылуу жалпыга бирдей жана түздөн-түз шайлоо укугунун негизинде жүзөгө ашырылышы керек (Конституциянын 1-беренесинин 1-бөлүгү, 2-беренесинин 4-бөлүгү).
Демократиялык шайлоолордун маңызы ар бир жаранга анын шайлоо укуктарын эркин жүзөгө ашырылуусу үчүн бирдей укуктук жана уюштуруучулук шарттарды берүүдө турат. Бул ар бир инсандын бирдей баалуу экендикти түшүндүрөт, аларга шайлоо аркылуу мамлекеттик турмушка катышуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн берилүү зарылдыгын болжойт. Шайлоо укугундагы бирдейлик принциби белгилүү жаш курагына жеткен бардык жарандардын кандайдыр бир кодулоосуз жана негизделбеген чектөөлөрсүз алардын шайлоо жана шайлануу укугун таануу дегенди түшүндүрөт. Кыргыз Республикасынын Конституциясы бул укуктарды жынысына, расасына, тилине, майыптуулугуна, этникалык таандыктыгына, туткан динине, жаш курагына, саясий же башка ынанымдарына, билимине, чыгыш тегине, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан кепилдейт (Конституциянын 16-беренесинин 2-бөлүгү). Келтирилген конституциялык жоболор эл аралык укуктун ченемдери мененылайык келишет. Тактап айтканда, Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 25-беренеси менен, анын b пунктчасы менен ар бир жаран эч бир кандай кодулоосуз жана негизделбеген чектөөлөрсүз жашыруун добуш берүү аркылуу жалпы жана бирдей шайлоо укугунун негизинде шайлоочулардын эркин билдирүүнү камсыз кылуучу жана өткөрүлүп жаткан чыныгы мезгилдүү шайлоолордо добуш берүү жана шайлануу укугуна жана мүмкүнчүлүгүнө ээболуш керек деп белгиленген; Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 21-беренеси элдин эрки өкмөт бийлигинин негизи болуш керек деген жобону караштырат, ал эрк добуш берүү эркиндигин камсыз кылуучу жашыруун добуш берүү аркылуу жалпы жана бирдей шайлоо укугунда мезгилдүү жана жалган эмес шайлоолордо көрүнүшү керек. Ошентип, азыркы шарттарда бирдейлик жана кодулабоочулук принцибинде негизделген жарандардын конституциялык шайлоо укуктарын камсыз кылуу милдети Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өнүктүрүүдө өзөктүү багыт болуп саналат.
4. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесине ылайык Парламентке өтүү үчүн шайлоо босогосун кошуп алганда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат, б.а. шайлоолорду уюштуруу, өткөрүү жана жыйынтыктарын чыгаруу маселелери мыйзам чыгаруучуга калтырылган. Аны менен мыйзам чыгаруу органына Кыргыз Республикасынын жарандарына өзүнүн шайлоо укуктарынын толук баалуу жүзөгө ашырылуусун жана шайлоолордун натыйжасында Кыргызстан элинин эгемендүү эркин шайкеш чагылдыруусун кепилдеген уюштуруучулук-укуктук механизмдерди түзүү милдети жүктөлөт.
Бирок мында мыйзам чыгаруучу өлкөнүн улуттук коопсуздугуна жана жалпы мамлекеттик кызыкчылыктарга зыян келтирүүгө жөндөмдүү шайлоолор менен кошо жүрүүчү терс көрүнүштөрдү болтурбоого милдеттүү. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы өзүнүн 2015-жылдын 25-ноябрындагы Чечиминде демократиялык укуктук мамлекетте шайлоо укугу конституциялык түзүлүштүн негиздерин сактоо үчүн маанилүү болуп саналат, анткени шайлоо процессинен бийликтин түзүмү жана анын конституциянын жана мыйзамдардын үстѳмдүгүнѳ, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоого болгон мамилеси көз каранды деп белгилеген. Конституциялык негиздердин туруктуулугу үчүн мамлекет легитимдүүлүгү көп жагынан коомдун ишенимине негизделүүчү бийликтин криминалдашуусунан жана кыянаттык кылуудан коргоого жөндөмдүү натыйжалуу укуктук механизмдерге муктаж. Ошентип, мыйзам чыгаруучу шайлоолор процессин тартипке келтирүү боюнча тийиштүү укуктук механизмдерди түзүүгө, анын ичинде шайланма кызмат орундарына аттанган талапкерлерге карата белгилүү талаптарды белгилөөгө ыйгарым укуктуу. Мында, биринчиден, мыйзам чыгаруучу жогоруда белгиленген конституциялык принциптерди, тактап айтканда мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдейликти (16-берененин 3-бөлүгү), ар кандай кодулоого тыюу салууну (16-берененин 2-бөлүгүнүн 2-абзацы) сакташы керек, экинчиден, бул талаптар көздөгөн максаттын чегинен чыкпашы керек жана кагылышып жаткан кызыкчылыктар ортосунда тең салмактуулукту бузбаш керек. Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктары жана алардын кепилдиктери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоолорун даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан мамилелер «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзам менен регламенттелген. Бул конституциялык Мыйзам менен мыйзам чыгаруу органынын депутаттыгына талапкер болууга жана өзүнүн пассивдүү укугун пайдаланууга ниетин билдирген жарандар үчүн белгилүү талаптар орнотулган. Пассивдүү шайлоо укугунун маңызы жаран өзүн шайланма кызмат ордуна бирдей шарттарда, шайлануу аркылуу атаандаштык күрөштө, талапкер катары көрсөтүүукук берилгендигинде турат. Мында мамлекет ушул укуктун жүзөгө ашырылуусу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү шайлоо процессинин бардык этаптарында түзүүгө милдеттүү, алар: талапкер катары көрсөтүү, каттоо, шайлоо алдындагы агитация, добуш берүү, жыйынтыктарды чыгаруу.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары катталуу үчүн талаптардын бири болуп шайлоо күрөөсүн киргизүү чыгат (конституциялык Мыйзамдын 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пункту). Шайлоо күрөөсү – мыйзам менен белгиленген ыктярдуу акчалай төгүм, ал жарандар, партиялар (шайлануучу бирикмелер (блоктор) үчүн талапкер (талапкерлердин тизмеси) катары каттоо шарттарынын бири болуп саналат.
Шайлоо күрөө институту шайлоолордун жыйынтыктары менен байланышы жок, ал шайлоо кампаниясына катышуу шарттарынын бири болуп саналат. Шайлоо күрөөсүн киргизүү мыйзам менен белгиленген шарт менен байланыштуу: эгерде талапкер добуштардын белгилүү бир санын топтобосо, б.а. шайлоочулардын жеткиликтүү колдоосуна ээ болбосо, шайлоо күрөөсү кайтарылып берилбейт. Шайлоо күрөөсү, бир жагынан, талапкердин статусуна ээ болуу чечимге келген жарандын умтулуусуна таасирин тийгизет, экинчи жагынан, шайлоочулардын жеткиликтүү колдоосуна ээ болбогон жана демократиялык шайлоолордун кадыр-баркына шек келтирип, жеке кызыкчылыктарында өзүнүн статусун пайдалануучу адамдардын шайлоолорго катышуусун алдын алуу боюнча функцияны аткарат. Ошентип, мыйзам чыгаруучу тарабынан шайлоо күрөөсү кеңири спектрдагы коргоочу аракети болгон аспап катары пайдаланылат жана укуктуу максатка кызмат кылат. Ошол эле учурда, мыйзам чыгаруучу шайлоо күрөөсүнүн өлчөмүн белгилеп жатып, жарандардын шайлануу конституциялык укугунун маңызынын өзүн жок кылууга жөндөмдүү чечимдерге жол берүүгө жана эркин демократиялык шайлоолордун жеткиликтүүлүгүн жабууга укуктуу эмес. Ушуга байланыштуу шайлоо күрөөсүнүн өлчөмү абдан негиздүү жана өлкөнүн калкынын көпчүлүгүнүн финансылык мүмкүнчүлүгүнө өлчөмдөш болушу үчүн, аны белгилөө процесси кылдат талдоого жана экономикалык эсептөөгө алынышы керек. Андай болбосо, шайлоо күрөөсүнүн эбегейсиз чоң өлчөмү саясий таасир этүүнүн аспапына жана камсыздалган гана талапкерлердин пайдасына иштеген саясий мамилелердин түзүлүшүнө айланышы мүмкүн, ошол эле учурда олуттуу саясий салмагы бар, бирок финансылык ресурстарга ээ эмес талапкерлер үчүн түйшүктүү болуп калышы мүмкүн. Башка сөздөр менен айтканда, шайлоо күрөөсүнүн негизделбеген өлчөмүнүн орнотулушу анын укуктуу талап макамын жоготууга алып келет жана конституциялык маанилүү максаттарга өлчөмсүз чектөөгө айланат. Мындай учурда шайлоо күрөөсү кодулоочу мүнөзгө ээ болуп жана шайлоого эркин жетишүүгө тоскоолдук кылуучу мүлктүк ценз болот, ал андан аркы саясий коррупциянын өнүгүшүнө жана саясий күчтөрдүн санаалаштыгын жасалма түрдө өзгөртүү мүмкүндүгүнө алып келет. Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиянын (Венециялык комиссия) жана Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча Бюронун//ЕККУ (ДИАУБ/ЕККУ) 2011-жылдын 23-июнундагы (CDL(2011)026) Биргелешкен Корутундусуна ылайык шайлоо күрөөсүн киргизүү талабы жалган талапкерлер шайлоочулардын ресурстарын түгөтпөсүн камсыз кылуу үчүн жетиштүү. Бирок талапкерден талап кылынуучу шайлоо күрөөсүнүн өлчөмү талапкердин көбүнө алардын экономикалык жана социалдык абалына себептүү шайлоолорго катышууга тоскоолдук болушу мүмкүн.. Ошондой эле бул ыйзамкамсыздалган жарандаргана талапкер боло алат деген элести түшүрөт. Шайлоолорго катышуу укугу кеңири жана ачык болуп, жарандардын чоң эмес санына гана жеткизилгендей болбош керек. Венециялык комиссия жана ДИАУБ/ЕККУ шайлоо күрөөсүнүн өлчөмү жалган талапкерлердин катышуусун болтурбоо үчүн жетиштүү өлчөмдө болушун, күрөө талабы шайлоо укуктарынан ажыратылышына алып келбеш керек деп сунуштайт. Баяндалганды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы финансылык-экономикалык эсеп-кысаптар жана башка негиздемелер жөнүндө маалыматтын жоктугуна карабастан «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 88 конституциялык Мыйзамынын 1-беренесинин 18-пункту менен орнотулган 5 000 000 сом шайлоо күрөөсүнүн өлчөмү чектен тыш жана шайкеш жана акылга сыяр принциптерине жооп бербейт, демек, Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп эсептейт. Ошол эле учурда, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 2-бөлүгү менен белгиленген 1 000 000 сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүнүн өлчөмүнүн шайкештигин аныктоого жол берүүчү методологиянын жоктугунан улам, ошондой эле арыздануучулар тарабынан көрсөтүлгөн шайлоо күрөөсүнүн ченден ашыктыгы жөнүндө так жана ынанымдуу далилдер келтирилбегендиктен, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жогоруда көрсөтүлгөн талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таануудан карманат. Ошону менен бирге, мыйзам чыгаруучу тарабынан коомдук мүнөздү алып жүрүүчү күрөөнүн арналышынын жана ар бир жаранга эркин демократиялык шайлоолордо бийлик органдарына шайлануу мүмкүндүгүнүн берилиши жөнүндө конституциялык талаптын ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылуужана экономикалык негиздеме жагынан шайлоо күрөөсүнүн колдонуудагы өлчөмүнө кайталап баа берилиши керек. Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы саясий партиялардын ирилешүү жана саясий күчтөрдүн биригишүү процессине дем берүү максаттарында шайлоо күрөөсүнүн өлчөмүн көбөйтүү сыяктуу метод колдонулушу мүмкүн эмес, анткени ал эркин демократиялык шайлоолорго жетишүү жөнүндө конституциялык орнотмолорго каршы чыгат деп белгилейт.
6. Демократиялык шайлоолор добуш берүү менен көрсөтүлгөн элдин эркин мыйзам чыгаруу органына тандалган талапкерлерге берилген орундарга жана мандаттарга айландырууга жөндөмдүү шайлоо тутумун болушун талап кылат.
Шайлоолордун жыйынтыгында өлкөнүн негизги саясий күчтөрүнүн санаалаштыгын шайкеш көрсөткөн орган түзүлүшү керек. Ал үчүн мыйзамдар менен пайыздык тосмо түрүндөгү шайлоо босогосу, башкача айтканда алгачкы добуш берүүнүн минималдык үлүшү белгиленген, аны талапкер же саясий партия шайланма органында өкүлчүлүк укугуна ээ болуу үчүн өтүшү керек. Мындай метод мыйзам чыгаруу органында коомдун социалдык түзүмүн жана абдан кеңири өкүлчүлүктүн чагылуусун камсыз кылууга көмөктөшөт. Пайыздык тосмону орнотуу электораттын абдан кеңири колдоосуна ээ болуп келген саясий партиялардан мыйзам чыгаруу органынын түзүмдүк элементтерди (фракциялардын) түзүүгө жана парламенттин өзүнүн ишинде туруктуулуктун орун алышына багытталган. Каралып жаткан конституциялык Мыйзамдын 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык ар бир область, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добушунун 0,7 пайыздан азын алган саясий партиялар, талапкерлердин тизмеси шайлоо аймагы боюнча депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүдөн алынып салынат. Аны менен мыйзам чыгаруучу жалпы шайлоо босогосунан тышкары региондук босогону да орноткон. Мындай механизмдин колдонулушу коомдук функцияны аткарып келген саясий партиялар коомдун олуттуу бөлүгүнүн гана кызыкчылыгын көздөбөстөн, ишмердиги коомдун туруксуздугуна жана жарылуусуна алып келүүчү «тар чөйрөлүү» партиялардын жана жааттардын (анын ичинде экстремисттик мүнөздөгү) мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органына кирип кетиши болбошу үчүн, эң кур дегенде, ар бир региондон чакан электораттын колдоосуна ээ болууга жөндөмдүү болушу менен шартталат. Региондук шайлоо босогосун киргизүү шайлоолорго катышкан бардык саясий партияларга бирдей жайылтылып, ал өзүнүн мазмуну жана мааниси боюнча өлкөнүн бардык региондорундагы элдин мерчемдүү бөлүгүнүн саясий эркин калыптандырууга багытталган, мыйзам чыгаруу органынын саясий табиятына жооп бергендиктен, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы каралып жаткан конституциялык Мыйзамдын 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту жарандардын шайлооукуктарын жол берилгис чектөө жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген кодулабоого тыюу салуунун бузулушу катары каралышы мүмкүн эмес деп эсептейт. Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасыныны Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Ч Е Ч Т И:
1. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктун, 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына, 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацына жана 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацына карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 2-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына, 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацына жана 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацына карама-каршы келбейт деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ушул Чечимдин жүйөлөштүрүүчү бөлүгүндө баяндалган талаптарды эске алуу менен шайлоо күрөөсүнүн өлчөмүн кайра карап чыксын.
3. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 88 конституциялык Мыйзамынын 1-беренесинин 18-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына, 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацына жана 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна карама-каршы келет деп таанылсын.
4. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
5. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
6. Ушул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын «Жарчысында» жарыялансын.
Председательствующий:
К.А.Дуйшеев
Судьи
М.Р.Бобукеева
Л.П.Жумабаев
М.Ш.Касымалиев
К.Дж.Кыдырбаев
Э.Ж.Осконбаев
Ж.И. Саалаев
Ж.А. Шаршеналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- МЕЖДУНАРОДНЫЙ ПАКТ о гражданских и политических правах (Кыргызская Республика присоединилась постановлением Жогорку Кенеша КР от 12 января 1994 года № 1406-XII)Пакт · 16.12.1966
- Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана…Закон · 23.04.2015 · № 88
- Постановление Жогорку Кенеша КР от 12 января 1994 года №1406-XII "О присоединении Кыргызской Республики к международным договорам по правам человека"Постановление · 12.01.1994 · № 1406
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндөЗакон · 13.06.2011 · № 37 · Күчүн жоготкон