# Коңорчок айылдык кенешинин 2019-жылдын 29-ноябрындагы № 44/65 "Коңорчок айыл аймагынын жайыт комитетине жайыт акыдан түшкɵн акча каражатын толук жайыт комитетинин бюджетине которуп берүү жɵнүндɵ" токтому

- Толук аталышы: Коңорчок айылдык кенешинин 2019-жылдын 29-ноябрындагы № 44/65 "Коңорчок айыл аймагынын жайыт комитетине жайыт акыдан түшкɵн акча каражатын толук жайыт комитетинин бюджетине которуп берүү жɵнүндɵ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 44/65
- Кабыл алынган күнү: 29.11.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.11.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434660>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-64101/edition/1042791/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коңорчок айылдык кенешинин 2019-жылдын 29-ноябрындагы № 44/65 "Коңорчок айыл аймагынын жайыт комитетине жайыт акыдан түшкɵн акча каражатын толук жайыт комитетинин бюджетине которуп берүү жɵнүндɵ" токтому (19.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434660

---

КОҢОРЧОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Коңорчок айылдык кенешинин кезексиз сессиясы

2019-жылдын 29-ноябры № 44/65 Коңорчок айыл аймагынын жайыт комитетине жайыт акыдан түшкɵн акча каражатын толук жайыт комитетинин бюджетине которуп берүү жɵнүндɵ Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнундө” “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Коңорчок айыл аймагынын ФЭБ нүн башчысы Г.Молдобаеванын сунушун эске алып Коңорчок айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Коңорчок жайыт комитетинин жайыт акыдан түшкɵн акчасын айыл ɵкмɵтүнүн бюджетинен жайыт комитетинин бюджетине толугу менен которулуп берилсин.

2. Коңорчок айыл ɵкмɵтүнүн 70629 разделиндеги 2222-статьясынан 63,1 миң. сомду, 70429-разделинин 2215- статьясына 63,1 миң.сом жылдырылсын.

3. Жайыт акыдан түшкɵн акча каражатын толук которуп берүү жагы ФЭБ нүн башчысы Г.Молдобаевага милдеттендирилсин.

Төрага

Байыш уулу Улук
