# Коңорчок айылдык кенешинин 2019-жылдын 8-августундагы № 41/62 «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды беруу жѳнүндѳ Типтүү келишимди бекитүү тууралуу» токтому

- Толук аталышы: Коңорчок айылдык кенешинин 2019-жылдын 8-августундагы № 41/62 «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды беруу жѳнүндѳ Типтүү келишимди бекитүү тууралуу» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 41/62
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434657>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-64098/edition/1042781/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коңорчок айылдык кенешинин 2019-жылдын 8-августундагы № 41/62 «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды беруу жѳнүндѳ Типтүү келишимди бекитүү тууралуу» токтому (08.08.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434657

---

КОҢОРЧОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Коңорчок айылдык кенешинин кезексиз сессиясы

2019-жылдын 8-августу № 41/62 «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды беруу жѳнүндѳ Типтүү келишимди бекитүү тууралуу » Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды натыйжалуу пайдаланууну жүзѳгѳ ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Ɵкмѳтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтому менен бекитилген «Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин кѳлѳмүн эсептѳѳнүн убактылуу методикасын бекитүү жѳнүндѳ» жана Кыргыз Республикасынын Ɵкмѳтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы №888 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык ѳнүгүү министрлиги жѳнүндѳ Жобонун » негизинде Конорчок айылдык Кенешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Ɵкмѳтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтомуна ылайык Ак-Талаа райондук эмгек жана социалдык ѳнүгүү башкармалыгы менен Коңорчок айыл ѳкмѳтүнүн Типтүү келишими бекитилсин.

2. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен соц.адистигине берилген финансылык,материалдык жана башка каражаттарды республикалык бюджеттен карап берүүсү суралсын.

Төрага

Байыш уулу Улук
