# А.Масалиев айылдык Кеңешинин 2020-жылдын 11-июнундагы №31/1 "А.Масалиев айылдык кеңешинин жооптуу катчы штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: А.Масалиев айылдык Кеңешинин 2020-жылдын 11-июнундагы №31/1 "А.Масалиев айылдык кеңешинин жооптуу катчы штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 31/1
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434628>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-64069/edition/1041192/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: А.Масалиев айылдык Кеңешинин 2020-жылдын 11-июнундагы №31/1 "А.Масалиев айылдык кеңешинин жооптуу катчы штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө" токтому (11.06.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434628

---

АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ ТОКТОМ

А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы

2020-жылдын 11-июну №31/1

А.Масалиев айылдык кеңешинин жооптуу катчы штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүу жөнүндө” токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна жана А.Масалиев айылдык кеңештин бюджет жана мыйзамдуулук боюнча комиссиянын сунуштарын угуп жана талкуулап айылдык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүу жөнүндө” токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде А.Масалиев айылдык кеңешинин жооптуу катчы 1 штаттык кызмат орду бекитилсин.

А.Масалиев айылдык кеңешинин төрагасы:

С. Абдурахманов
