# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 17-октябрындагы № 468 " Кыргыз Республикасынын айылдарынын, поселокторунун жана райондук баш ийүүдөгү шаарларынын жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 17-октябрындагы № 468 " Кыргыз Республикасынын айылдарынын, поселокторунун жана райондук баш ийүүдөгү шаарларынын жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 468
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.10.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4346>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1977/edition/1162687/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4346.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.10.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 17-октябрындагы № 468 " Кыргыз Республикасынын айылдарынын, поселокторунун жана райондук баш ийүүдөгү шаарларынын жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгы (17.10.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4346

---

КР Президентинин

2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына

ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 17-октябры ПЖ № 468

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын айылдарынын, поселокторунун

жана райондук баш ийүүдөгү шаарларынын жергиликтүү

өзалдынча башкаруусунун башчыларын шайлоону

дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынып Конституциясынын 1-статьясынын 6-пунктун

жана Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 88-статьясынын

2-пунктун жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын айылдарынын, поселокторунун жана район-

дук баш ийүүдөгү шаарларынын жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун башчы-

ларын шайлоо жекшембиге 2005-жылдын 18-декабрына дайындалсын (буга ый-

гарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу

2002-2005-жылдары кайра шайланган жергиликтүү өзалдынча башкаруунун

башчылары кирбейт).

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча

Борбордук комиссиясы жогоруда агалган жергиликтүү өзалдынча башкаруу

органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык

өткөрүүнү уюштурсун.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген

мөөнөттө өткөрүү үчүн 2005-жылга республикалык бюджетте каралган финан-

сылык каражаттарды бөлсүн;

- шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти, Кыр-

гыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары сакталышын камсыз

кылсын.

4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана жер-

гиликтүү өзалдынча башкаруу органдары шайлоо комиссияларын шайлоочулар-

дын сапаттуу тизмелери менен камсыз кылсын жана шайлоону даярдоо жана

өткөрүү учурунда уюштуруу жана материалдык-техникалык маселелерди

чечүүдө аларга көмөк көрсөтсүн.

5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мам-

лекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
