# Дара айылдык кеңешинин 2020-жылдын 28-февралындагы №5 "Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинде жооптуу катчы кызмат ордун бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Дара айылдык кеңешинин 2020-жылдын 28-февралындагы №5 "Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинде жооптуу катчы кызмат ордун бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 28.02.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434533>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-63974/edition/1034674/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дара айылдык кеңешинин 2020-жылдын 28-февралындагы №5 "Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинде жооптуу катчы кызмат ордун бекитүү жөнүндө" токтому (28.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434533

---

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Дара айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги XХVII-сессиясы

2020-жылдын 28-февралы №5 Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинде жооптуу катчы кызмат ордун бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы “Айылдык кеңештерде акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” №64 токтомун кароо боюнча Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХVII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы “Айылдык кеңештерде акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” №64 токтомунун негизинде Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинде жооптуу катчы кызмат орду бекитилсин.

2. Айылдык кеңештин аппараты жок болгондугуна байланыштуу бардык тийиштүү иш кагаздарын жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

М.Султанов
