# Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2020-жылдын 28-майындагы №30/130 "Кызыл–Кыя шаарындагы коомдук алдын алуу борборлорунун типтүү Уставын жана коомдук кеӊештердин курамын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2020-жылдын 28-майындагы №30/130 "Кызыл–Кыя шаарындагы коомдук алдын алуу борборлорунун типтүү Уставын жана коомдук кеӊештердин курамын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 30/130
- Кабыл алынган күнү: 28.05.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.05.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434518>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-63959/edition/1034550/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.05.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2020-жылдын 28-майындагы №30/130 "Кызыл–Кыя шаарындагы коомдук алдын алуу борборлорунун типтүү Уставын жана коомдук кеӊештердин курамын бекитүү жөнүндө" токтому (28.05.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434518

---

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) кезектеги 30-сессиясы

2020-жылдын 28-майы №30/130 Кызыл–Кыя шаарындагы коомдук алдын алуу борборлорунун типтүү Уставын жана коомдук кеӊештердин курамын бекитүү жөнүндө Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2005–жылдын 25–июнундагы №82 Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015–жылдын 27–октябрындагы №747 токтомуна негиз, шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020–жылдын 02–мартындагы №54 протоколунун чечимин жана шаардын мэриясынын 2019–жылдын 31–декабрындагы №01–8/2487 кайрылуу катын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл–Кыя шаарындагы коомдук алдын алуу «Кызыл-Кыя-1» жана «Кызыл–Кыя–2» борборлорунун Уставдары 1– жана 2–тиркемелерге ылайык бекитилсин.

2. Кызыл–Кыя шаарындагы коомдук алдын алуу борборлорунун коомдук кеӊештеринин курамы 3– жана 4–тиркемелерге ылайык, токтомдун 4–тиркемесиндеги Мадаминов Р. ордуна Я.Мурзаев киргизилип бекитилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрайым

У. Дарипова
