# Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2020-жылдын 21-февралындагы № 120 "Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн аткарган иштери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2020-жылдын 21-февралындагы № 120 "Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн аткарган иштери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 120
- Кабыл алынган күнү: 21.02.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434443>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-63886/edition/1032545/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2020-жылдын 21-февралындагы № 120 "Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн аткарган иштери жөнүндө" токтому (21.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434443

---

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Сүлүктү шаардык кеӊешинин (алтынчы чакырылышы) XXV сессиясы

2020-жылдын 21-февралы № 120 Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн аткарган иштери жөнүндө Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы С.Калакуловдун аткарган иштери жөнүндө маалыматтарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-6-пунктуна ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы С.Калакуловдун 2019-жылга аткарган иштери канааттандырарлык деп эсептелсин

2. Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы С.Калакуловго төмөнкүлөр милдеттендирилсин

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8- октябрындагы №608 токтому менен Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчик бөлүмүнө өткөрүүп берилген муниципалдык мүлктөрдүн реестрин толугу менен бүтүрүү, мамлекеттик каттоодон өткөрүү

- Ижарага берилген жер тилкелеринин ижара акысын төлөбөгөн мекеме ишканалар боюнча мыйзам чегинде чараларды көрүү

- Кольцо станциясынын жеринин башкы планын жана инвентаризациясын бүтүрүү боюнча иш жүргүзүү

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сүлүктү шаардык мэриясына жана Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы С.Калакуловго, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

Төрага

К. Исмаилов
