# Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2020-жылдын 21-февралындагы № 118 “Сулукту таза суу канал” муниципалдык ишканасынын аткарган иштери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2020-жылдын 21-февралындагы № 118 “Сулукту таза суу канал” муниципалдык ишканасынын аткарган иштери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 21.02.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434441>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-63884/edition/1032541/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2020-жылдын 21-февралындагы № 118 “Сулукту таза суу канал” муниципалдык ишканасынын аткарган иштери жөнүндө" токтому (21.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434441

---

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Сүлүктү шаардык кеӊешинин (алтынчы чакырылышы) XXV сессиясы

2020-жылдын 21-февралы № 118 “Сулукту таза суу канал” муниципалдык ишканасынын аткарган иштери жөнүндө Сүлүктү шаарынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча “Сүлүктү Таза суу канал” МИ аткарган иштери жөнүндө “Сүлүктү Таза суу канал” МИ жетекчиси К.Ырысовдун, шаардык кеӊештин өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Ичүүчү суу жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Сүлүктү тазасууканал” МИ жетекчиси К.Ырысовдун 2019-жылга аткарган иштери канааттандырарлык деп эсептелсин

2. “Сүлүктү Таза суу канал” МИ жетекчиси К.Ырысовго төмөнкүлөр милдеттендирилсин :

- Сүлүктү шаарынын калкын ичүүчү таза суу менен, чарбалык жана коммуналдык, турмуш-тиричилик максаттары үчүн сууга болгон керектөөлөрүн камсыз кылуунун абалын жакшыртуу боюнча иш жүргүзүү жагы

- АРИС долбоору боюнча шаардын калкын таза суу менен камсыз кылуу боюнча аткарылган жумуштардын сапаттуулугун жана өз мөөнөтүндө аткарылышын көзөмөлдөө жагы

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сүлүктү шаардык мэриясына жана “Сүлүктү Таза суу канал” МИ жетекчиси К.Ырысовдон талап кылынсын, көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

К. Исмаилов
