Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Сүлүктү шаардык кеӊешинин “Сулукту таза суу канал” муниципалдык ишканасынын аткарган иштери жөнүндө» токтому
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Сүлүктү шаардык кеӊешинин (алтынчы чакырылышы) XXV сессиясы
2020-жылдын 21-февралы № 118 “Сулукту таза суу канал” муниципалдык ишканасынын аткарган иштери жөнүндө Сүлүктү шаарынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча “Сүлүктү Таза суу канал” МИ аткарган иштери жөнүндө “Сүлүктү Таза суу канал” МИ жетекчиси К.Ырысовдун, шаардык кеӊештин өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Ичүүчү суу жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Сүлүктү тазасууканал” МИ жетекчиси К.Ырысовдун 2019-жылга аткарган иштери канааттандырарлык деп эсептелсин
2. “Сүлүктү Таза суу канал” МИ жетекчиси К.Ырысовго төмөнкүлөр милдеттендирилсин :
- Сүлүктү шаарынын калкын ичүүчү таза суу менен, чарбалык жана коммуналдык, турмуш-тиричилик максаттары үчүн сууга болгон керектөөлөрүн камсыз кылуунун абалын жакшыртуу боюнча иш жүргүзүү жагы
- АРИС долбоору боюнча шаардын калкын таза суу менен камсыз кылуу боюнча аткарылган жумуштардын сапаттуулугун жана өз мөөнөтүндө аткарылышын көзөмөлдөө жагы
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сүлүктү шаардык мэриясына жана “Сүлүктү Таза суу канал” МИ жетекчиси К.Ырысовдон талап кылынсын, көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
К. Исмаилов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Ичүүчү суу жөнүндөЗакон · 25.03.1999 · № 33
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон