# Орозбеков айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №210 "Орозбеков айыл аймагынын Кош-Дөбө, Кудук, Өндүрүш, Сары-Талаа жана Учкун айылдарына айыл башчы алуу менен, штаттык түзүмгө киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Орозбеков айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №210 "Орозбеков айыл аймагынын Кош-Дөбө, Кудук, Өндүрүш, Сары-Талаа жана Учкун айылдарына айыл башчы алуу менен, штаттык түзүмгө киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.12.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434402>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-63848/edition/1032029/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.12.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Орозбеков айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №210 "Орозбеков айыл аймагынын Кош-Дөбө, Кудук, Өндүрүш, Сары-Талаа жана Учкун айылдарына айыл башчы алуу менен, штаттык түзүмгө киргизүү жөнүндө" токтому (25.12.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434402

---

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Орозбеков айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыш кезексиз отуз тогузунчу сессиясы

2019-жылдын 25-декабры №210 Кыргыз Республикасынын 02.08.2019-ж. №112 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош жана Талас областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзамына ылайык, Орозбеков айыл аймагынын Кош-Дөбө, Кудук, Өндүрүш, Сары-Талаа жана Учкун калктуу конуштары айыл категориясына киргизилип, айыл статусу берилгендиктен, ар бир айылга айыл башчы алуу менен, штаттык түзүмгө киргизүү зарылдыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Алиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Орозбеков айылдык кеңеши Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1.Орозбеков айыл аймагынын айыл категориясына киргизилген Кош-Дөбө, Кудук, Өндүрүш, Сары-Талаа жана А.Орозбеков айылдарынын ар бирине айыл башчы алынсын.

2. Айыл өкмөтүнүн штаттык түзүмүнө айыл башчыларды киргизүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Назарбаев.
