# Орозбеков айылдык кеңешинин 2019-жылдын 13-декабрындагы №198 "Орозбеков айыл аймагынын Назарамин участкасындагы кайра бөлүштүрүү фондунан турак жай курууга жер аянтын которуштурууга (трансформация) макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Орозбеков айылдык кеңешинин 2019-жылдын 13-декабрындагы №198 "Орозбеков айыл аймагынын Назарамин участкасындагы кайра бөлүштүрүү фондунан турак жай курууга жер аянтын которуштурууга (трансформация) макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 13.12.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.12.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434390>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-63836/edition/1031311/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Орозбеков айылдык кеңешинин 2019-жылдын 13-декабрындагы №198 "Орозбеков айыл аймагынын Назарамин участкасындагы кайра бөлүштүрүү фондунан турак жай курууга жер аянтын которуштурууга (трансформация) макулдук берүү жөнүндө" токтому (13.12.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434390

---

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Орозбеков айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыш кезексиз отуз жетинчи сессиясы

2019-жылдын 13-декабры №198 Орозбеков айыл аймагынын Назарамин участкасындагы кайра бөлүштүрүү фондунан турак жай курууга жер аянтын которуштурууга (трансформация) макулдук берүү жөнүндө Орозбеков айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси А.Акматовдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2018-ж. №512 токтомуна ылайык Орозбеков айыл аймагынын Назарамин учаткасындагы №248-контурдагы 18,75 га. кайра бөлүштүрүү фондунун жер аянтын турак жай куруу үчүн которуштурууга макулдук берүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана айыл тургундарынын турак жай куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө арыздарын карап жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кеңеши Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Орозбеков айыл аймагынын Назарамин участкасындагы №248-контурдагы кайра бөлүштүрүү фондунун 18,75 га. жер аянтын турак жай куруу үчүн которуштурууга (трансформация) макулдук берилсин.

2. Орозбеков айыл өкмөтүнө (А.Алиев) КБФнан турак жай куруу үчүн которуштурууга макулдук берилген жер аянтына тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Назарбаев.
