# Уч-Коргон айылдык кенешинин 2019-жылдын 20-сентябры № 20/2 "Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларындагы тамак-аштарга болгон төлөм баасын көтөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Уч-Коргон айылдык кенешинин 2019-жылдын 20-сентябры № 20/2 "Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларындагы тамак-аштарга болгон төлөм баасын көтөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 20/2
- Кабыл алынган күнү: 20.09.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434372>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-63818/edition/1031079/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уч-Коргон айылдык кенешинин 2019-жылдын 20-сентябры № 20/2 "Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларындагы тамак-аштарга болгон төлөм баасын көтөрүп берүү жөнүндө" токтому (20.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434372

---

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Уч-Коргон айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

2019-жылдын 20-сентябры № 20/2 Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларындагы тамак-аштарга болгон төлөм баасын көтөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 23.10.2012-жылдын №742 санду токтому “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” Мамлекеттик билим берүү стандартын турмушка ашыруу максатында балдар бакчаларында тамак-аш коопсуздугун жана алардын сапатын жогорлатуу максатында Уч-Коргон айыл аймагында жайгашкан балдар бакчаларынын ата-энелер комитеттеринин жалпы жыйынынын протоколдук чечимдерин эске алып Уч-Коргон айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында тамак-аш менен багууда мурдагы төлөнүп келген 13-18 (он үч, он сегиз) сомдон 18-25 (он сегиз, жыйырма беш) сомго көтөрүү жагы сунушталсын.

2.Айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Рахматуллаевге кабыл алынган чечимдердин негизинде төлөмдөрдү жүргүзүү жагы тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Уч-Коргон айылдык кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

Төрага

Х. Джалалов
