Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5- апрелиндеги №157 Жарлыгы менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2007-жылдын 5- апрелиндеги №157
Жарлыгы менен бекитилген
Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү
боюнча Улуттук кењеш жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кењеш
(мындан ары - Улуттук кењеш) өлкөнүн жалпы мамлекеттик маанилүү
стратегиялык документтеринде аныкталган милдеттерди турмушка ашыруунун
катышуучуларынын биргелешкен ишин камсыз кылуучу кењешүүчү орган болуп
саналат.
2. Улуттук кењештин персоналдык курамын жана анын санын Кыргыз
Республикасынын Президенти аныктайт.
3. Улуттук кењеш төмөнкүдөй принциптерде аракеттенет:
- патриотизм жана натыйжа үчүн жоопкерчилик;
- коомдун бардык катмарларынын өкүлчүлүгү;
- Улуттук кењештин мүчөлөрүнүн тењ укуктуулугу;
- кесипкөйлүк;
- иштин ачыктыгы.
4. Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын
мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле ушул Жобо
Улуттук кењештин ишинин укуктук негизин түзөт.
II. Улуттук кењештин максаттары жана негизги милдеттери
5. Улуттук кењештин миссиясы Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү
милдеттерин натыйжалуу турмушка ашырууну камсыз кылууда турат.
6. Улуттук кењештин стратегиялык максаттары болуп төмөнкүлөр
саналат:
- Кыргызстанды өнүктүрүүнүн стратегиялык милдеттерин турмушка
ашыруу процессин жалпы координациялоону жана башкарууну камсыз кылуу;
- Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясынын үзгүлтүксүздүгүн, жолун
жолдоочулугун жана бүтүндүгүн камсыз кылуу;
- Кыргызстанды өнүктүрүүнүн максаттарына жетишүү жана стратегиялык
милдеттерин аткаруу үчүн коомду баш коштуруу.
7. Улуттук кењештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлер саналат:
- Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясында Кыргызстан калкынын
таламдарын чагылдыруу жана турмушка ашыруу;
- өлкөнү өнүктүрүүнүн максаттарына жетишүүгө жана стратегиялык
милдеттерин аткарууга жигердүү көмөктөшүү;
- Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү милдеттерин турмушка ашыруу
боюнча катышуучулардын аракеттерин координациялоону камсыз кылуу;
- өлкөнү өнүктүрүү боюнча стратегиялардын долбоорлорун бекитүү
боюнча чечимдерди талкуулоо жана иштеп чыгуу;
- Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясында аныкталган максаттарды
жана милдеттерди коррекциялоо боюнча сунуштарды талкуулоо жана иштеп
чыгуу;
- Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашыруу үчүн Кыргыз
Республикасынын ченемдик укуктук базасынын бүтүндүгүн, адекваттуулугун
жана карама-каршылыктуу эместигин камсыз кылуу;
- Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашыруунун жүрүшүн
талкуулоону камсыз кылуу;
- Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашыруу боюнча
жетишилген натыйжалар жөнүндө калктын кењири катмарларына маалымдоо.
III. Улуттук кењештин милдеттери
8. Улуттук кењештин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын туруктуу саясий, социалдык жана
экономикалык өнүгүшүнө көмөктөшүү;
- өлкөнүн натыйжалуу өнүгүшү үчүн туруктуу шарттарды камсыз
кылууга көмөктөшүү;
- өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууну, турмушка ашырууну жана
алардын аткарылышына контролдук кылууну уюштуруу;
- натыйжалуу жана ачык мамлекеттик башкарууну камсыз кылуу
шарттарын жана механизмдерин түзүүгө көмөктөшүү;
- аткаруу бийлигинин ачык, айкын, жеткиликтүү жана жөнгө салынган
системасын түзүүгө көмөктөшүү;
- көзкарандысыз сот системасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- мыйзам чыгаруунун ачык, айкын жана жеткиликтүү системасын
түзүүгө көмөктөшүү;
- мамлекеттик башкаруу структураларынын ортосунда өзара
аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү;
- мыйзам чыгаруу процесстерине Кыргызстандын жарандарынын
катышуусун камсыз кылуу;
- мыйзамдык базаны өркүндөтүүгө көмөктөшүү;
- демократиялык институттарды жана жарандык коомду өнүктүрүнү
стимулдаштыруу боюнча чараларды турмушка ашыруу;
- Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясынын максаттарына жана
милдеттерине ылайык адамдык ресурстарды өнүктүрүүнү камсыз кылуу;
- топтордун жана инсандын социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу;
- жеке ишкерлик принциптерине негизделген рыноктук экономиканы
өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясынын максаттарына жана
милдеттерине ылайык донордук жардамды координациялоо;
- бюджеттик процессти өркүндөтүүгө көмөктөшүү;
- Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашырууга жарандык
коомдун бардык катмарларынын жигердүү катышуусун камсыз кылуу;
- Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясынын милдеттерин турмушка
ашыруунун артыкчылыгын камсыз кылуу;
- мамлекеттик бийликтин институттарынын аракеттерине Кыргызстан
калкынын ишенимин жогорулатууга көмөктөшүү;
- Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашыруу боюнча оњ
тажрыйбаны эларалык, республикалык жана жергиликтүү дењгээлдерде
дањазалоо;
- Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашыруунун
катышуучуларынын ортосунда натыйжалуу кайчы байланышты камсыз кылуу;
- Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашыруунун
катышуучуларынын ортосунда ЖМКлар, электрондук жана башка байланыш
каражаттары аркылуу жигердүү маалымат алмашууну камсыз кылуу.
IV. Улуттук кењештин функциялары жана ыйгарым укуктары
9. Улуттук кењештин функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашырууга коомдун
бардык катмарларын тартуу аркылуу Кыргызстан калкын өнөктөштүктүн жана
жигердүү катышуунун негизинде баш коштуруу;
- ачыктыктын, өз учурунда аткаруунун, ишенимдүүлүктүн жана
жеткиликтүүлүктүн принциптеринде Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын
турмушка ашыруу боюнча бардык процесстердин ачыктыгын камсыз кылуу;
- Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясынын максаттарын жана
милдеттерин дањазалоо жана пропагандалоо;
- төмөнкүлөрдү координациялоо:
Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашырууну;
Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашыруунун
катышуучуларынын өзара аракеттенүүсүн;
мамлекеттик башкарууну реформалоону;
социалдык жана экономикалык тармактардагы реформалоону;
Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясынын тармактык жана региондук
программаларын;
кыска мөөнөттүү жана орточо мөөнөттүү программаларды;
Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашыруу механизмдерин;
- төмөнкүлөрдүн мониторинги:
Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашыруунун;
мамлекеттик башкаруу реформаларынын;
социалдык жана экономикалык тармактардагы реформалоонун;
Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясынын тармактык жана региондук
программаларын турмушка ашыруунун;
өнүктүрүүнүн кыска мөөнөттүү жана орточо мөөнөттүү
программаларынын;
- төмөнкүлөрдү системалык талдоо:
мамлекеттик башкаруу, социалдык жана экономикалык саясат
чөйрөлөрүндөгү реформалардын жүрүшүн;
Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясынын тармактык жана региондук
программаларын турмушка ашырууну;
тышкы экономикалык жана саясий факторлорду;
Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашыруунун жүрүшү
жөнүндө коомдук пикирди сурап-билүүнүн натыйжаларын;
кыска мөөнөттүү жана орточо мөөнөттүү программаларды турмушка
ашырууну;
- төмөнкүлөргө баа берүү:
Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын, аны менен байланышкан
чараларды жана программаларды, жетишилген натыйжаларды турмушка
ашырууга;
сунуш кылынган тармактык, региондук, инвестициялык жана башка
программалар Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясынын максаттарына,
принциптерине жана артыкчылыктарына ылайык келе тургандыгына же
жоктугуна;
Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын, кыска мөөнөттүү жана орточо
мөөнөттүү программаларды турмушка ашыруу боюнча мамлекеттик башкаруу
органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү
өзалдынча башкаруунун, уюмдар менен мекемелердин жетекчилеринин ишине;
өлкөнүн ресурстук мүмкүнчүлүктөрүнө жана аны өнүктүрүү
келечектерине.
- коррекциялоо боюнча сунуштар:
кыска мөөнөттүү жана орточо мөөнөттүү максаттарды, милдеттерди
жана өнүгүү параметрлерин;
Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясынын максаттарына жетишүү
механизмдерин жана ыкмаларын өркүндөтүү;
бөлүштүрүлгөн ыйгарым укуктардын жана жоопкерчиликтин
алкагында өнүктүрүү программаларын турмушка ашыруу боюнча
сунуштарды Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясынын катышуучуларына
иштеп чыгуу.
10. Улуттук кењеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте
төмөнкүлөрдү кароого жана бекитүүгө сунуш кылууга:
Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашыруунун орточо
мөөнөттүү программаларын;
Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашыруунун региондук
программаларын;
Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашыруу боюнча орточо
мөөнөттүү программаларды жана ишчараларды жүзөгө ашыруу ишчараларынын
жана механизмдеринин комплекстерин;
Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашыруу боюнча жылдык
жана аралык отчетторду, кыска мөөнөттүү жана орточо мөөнөттүү
программаларды;
- Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясынын программаларын жана
ишчараларын турмушка ашыруунун жүрүшүн андан ары өркүндөтүү боюнча
тиешелүү рекомендацияларды жана сүнуштарды кабыл алууга жана Кыргыз
Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
органдарына киргизүүгө;
- Улуттук кењештин мүчөлөрүн, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү
мамлекеттик администрациялардын, башка уюмдар менен мекемелердин
жетекчилерин угууга жана Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка
ашыруу боюнча алардын ишине баа берүүгө;
- Улуттук кењештин жыйналыштарына (алдын ала макулдашуу боюнча)
жарандык коомдун өкүлдөрүн чакырууга жана Кыргызстанды өнүктүрүү
стратегиясын турмушка ашыруу боюнча алардын пикирлерин жана сунуштарын
угууга;
- Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашыруу менен
байланышкан проблемаларды карап чыгуу боюнча улуттук чогулуштарды,
форумдарды, конференцияларды жана семинарларды чакыруу боюнча чечим
кабыл алууга;
- Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча стратегияны турмушка ашыруу менен
байланышкан маселелер боюнча мамлекеттик органдарга тапшырмаларды жана
өкмөттүк эмес уюмдарга сунуштарды берүүгө.
V. Улуттук кењештин курамы, ишинин регламенти жана түзүмү
11. Кыргыз Республикасынын Президенти Улуттук кењештин төрагасы
болуп саналат. Улуттук кењештин мүчөлөрү анын жыйналыштарына жеке,
алмашуу укугу болбостон катышат.
12. Улуттук кењештин иш планы анын жыйналыштарында бекитилет. Күн
тартибин Улуттук кењештин төрагасы бекитет. Улуттук кењештин
жыйналыштары жарым жылда кеминде бир жолу өткөрүлөт.
13. Улуттук кењештин ишин анын жумушчу органы - Кыргыз
Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги Кыргыз
Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык
өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнүн жалпы координациясы астында камсыз
кылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги №157 "Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.04.2007 · № 157 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги №157 "Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.04.2007 · № 157 · Күчүн жоготкон