Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин «Кызыл–Кыя шаарынын прокуратурасынын 2019-жылдын 14-ноябрындагы №11/1496-19 «Ченемдик укуктук актыларды бузууну четтетүү жөнүндө» сунушу тууралуу» токтому
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) кезектеги 27-сессиясы 2019-жылдын 25-декабры №27/111 Кызыл–Кыя шаарынын прокуратурасынын 2019-жылдын 14-ноябрындагы №11/1496-19 «Ченемдик укуктук актыларды бузууну четтетүү жөнүндө» сунушу тууралуу Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–пунктуна жана «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2017–жылдын 02–августундагы №164 Мыйзамына негиз, Кызыл-Кыя шаарынын прокуратурасынын 2019-жылдын 14-ноябрындагы №11/1496-19 “Ченемдик укуктук актыларды бузууну четтетүү жөнүндө” сунушунда көрсөтүлгөн мыйзам бузууларды жоюу жана аларды мындан ары болтурбоо максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ::
1. Кызыл-Кыя шаарынын прокуратурасынын 2019-жылдын 14-ноябрындагы №11/1496-19 “Ченемдик укуктук актыларды бузууну четтетүү жөнүндө” сунушу эске алынсын жана Кыргыз Республикасынын 2017–жылдын 02–августундагы №164 Мыйзамы шаардык кеӊештин депутаттары тарабынан аткарууга алынсын.
2. «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2017–жылдын 02–августундагы №164 Мыйзамынын талаптарын түшүндүрүү боюнча шаардык кеӊештин депутаттары жана аппараты менен окутуу уюштуруу жагы шаардык кеӊештин аппаратынын жетекчиси Р.Абдукаюмовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым
У. Дарипова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөЗакон · 02.08.2017 · № 164 · Күчүн жоготкон