# Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2019-жылдын 30-декабрындагы № 115 "Сүлүктү күрөӊ көмүр кени чыккан жер “Сүлүктү 11 талаа” жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2019-жылдын 30-декабрындагы № 115 "Сүлүктү күрөӊ көмүр кени чыккан жер “Сүлүктү 11 талаа” жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 115
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434225>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-63677/edition/1028879/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2019-жылдын 30-декабрындагы № 115 "Сүлүктү күрөӊ көмүр кени чыккан жер “Сүлүктү 11 талаа” жөнүндө" токтому (31.12.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434225

---

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Сүлүктү шаардык кеӊешинин (алтынчы чакырылышы) XXIV сессиясы

2019-жылдын 30-декабры № 115 Сүлүктү күрөӊ көмүр кени чыккан жер “Сүлүктү 11 талаа” жөнүндө Кыргыз Республикасынын өнөр жай энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан Сүлүктү күрөӊ көмүр кени чыккан жер “Сүлүктү 11 талаа” тилкеси конкурстан сатууга коюлгандыгына байланыштуу Сүлүктү шаарынын депутаттары 2019-жылдын 30-декабрындагы XXIV сессиясында талкуулап Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 3-февралындагы №18 “Көмүр жөнүндө” Мыйзамынын 10 беренесинин негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңеши Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Сүлүктү күрөӊ көмүр кени чыккан жер “Сүлүктү 11 талаа” тилкесин конкурстан сатууга коюуга Сүлүктү шаардык кеӊешинин депутаттарынын макул эместиги Кыргыз Республикасынын өнөр жай энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине билдирилсин

2. Токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын өнөр жай энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине жиберилсин

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө аламын.

Төрага

К. Исмаилов
