# Казыбек айылдык кеңешинин 2019-жылдын 15-ноябры № 1 «Муз-Төр» чек ара кызматына трансформатордук подстанция орнотууга жер бөлүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Казыбек айылдык кеңешинин 2019-жылдын 15-ноябры № 1 «Муз-Төр» чек ара кызматына трансформатордук подстанция орнотууга жер бөлүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.11.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434192>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-63644/edition/1022819/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Казыбек айылдык кеңешинин 2019-жылдын 15-ноябры № 1 «Муз-Төр» чек ара кызматына трансформатордук подстанция орнотууга жер бөлүп берүү жөнүндө" токтому (15.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434192

---

КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8 - шайланышынын 11 - кезексиз сессиясы

2019-жылдын 15-ноябры № 1 «Муз-Төр» чек ара кызматына трансформатордук подстанция орнотууга жер бөлүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер министринин 2019-жылдын 25-майындагы иш сапарында «Муз-Төр» чек ара бөлүмүн өндүрүштүк электр энергия менен камсыздоо тапшырмасы коюлгандыктан , чек ара кызматкерлеринин жашоо шартын жакшыртуу максатында жана чек араны сапаттуу кайтаруу, мамлекеттик коопсуздук жана өндүрүштүк электр энергия менен камсыздоо үчүн , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 токтомунун негизинде трансформатордук подстанция орнотууга 0,03 (сотых) жерге убактылуу пайдалануу максатында , айылдык Кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер министринин 2019-жылдын 25 - майагы иш сапарындагы тапшырмасы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 токтому аткарууга алынсын.

2.Казыбек айыл аймагына тиешелүү Арпа өрөөнүндөгү “Муз-Төр” чек ара

бөлүмүн өндүрүштүк электр менен камсыздоо үчүн орнотууга 142,07 контурдагы вертолёт конуучу аянттын ичине 110 Квт трансформатордук подстанция орнотуу үчүн 0,03 (үч) сотых жерге мөөнөтсүз колдонууга уруксат берилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн

башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.

Төрага

Д. Кайыпов
