Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Казыбек айылдык кеңешинин «Муз-Төр» чек ара кызматына трансформатордук подстанция орнотууга жер бөлүп берүү жөнүндө» токтому
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8 - шайланышынын 11 - кезексиз сессиясы
2019-жылдын 15-ноябры № 1 «Муз-Төр» чек ара кызматына трансформатордук подстанция орнотууга жер бөлүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер министринин 2019-жылдын 25-майындагы иш сапарында «Муз-Төр» чек ара бөлүмүн өндүрүштүк электр энергия менен камсыздоо тапшырмасы коюлгандыктан , чек ара кызматкерлеринин жашоо шартын жакшыртуу максатында жана чек араны сапаттуу кайтаруу, мамлекеттик коопсуздук жана өндүрүштүк электр энергия менен камсыздоо үчүн , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 токтомунун негизинде трансформатордук подстанция орнотууга 0,03 (сотых) жерге убактылуу пайдалануу максатында , айылдык Кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер министринин 2019-жылдын 25 - майагы иш сапарындагы тапшырмасы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 токтому аткарууга алынсын.
2.Казыбек айыл аймагына тиешелүү Арпа өрөөнүндөгү “Муз-Төр” чек ара
бөлүмүн өндүрүштүк электр менен камсыздоо үчүн орнотууга 142,07 контурдагы вертолёт конуучу аянттын ичине 110 Квт трансформатордук подстанция орнотуу үчүн 0,03 (үч) сотых жерге мөөнөтсүз колдонууга уруксат берилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн
башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага
Д. Кайыпов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.