# Чолпон айылдык кеңешинин 2019-жылдын 21–октябрындагы № 27/4 "Эпкин айылынын тургундарынын 2019-жылдын 15-октябрындагы №6 Протоколу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чолпон айылдык кеңешинин 2019-жылдын 21–октябрындагы № 27/4 "Эпкин айылынын тургундарынын 2019-жылдын 15-октябрындагы №6 Протоколу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 27/4
- Кабыл алынган күнү: 21.10.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434138>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-63591/edition/1019783/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чолпон айылдык кеңешинин 2019-жылдын 21–октябрындагы № 27/4 "Эпкин айылынын тургундарынын 2019-жылдын 15-октябрындагы №6 Протоколу жөнүндө" токтому (21.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434138

---

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XXVII сессиясы

2019-жылдын 21–октябры № 27/4 Эпкин айылынын тургундарынын 2019-жылдын 15-октябрындагы №6 Протоколу жөнүндө № 4154 Эпкин шайлоо аймагынан депутат Жолдошов Канаттын Эпкин айылынын ортосунда орун алган түндүктөн түштүккө кеткен аты жок көчөгө “Жолдошов Абдыгазынын” ысымын ыйгаруу жөнүндөгү 2019-жылдын 15-октябрындагы жалпы чогулушунун №6 протоколу жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объектилерди атоо, алардын аталыштарын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби” жөнүндөгү жобосунун II- бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнүн талаптарына ылайык Депутаттардын Чолпон айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эпкинайылынын ортосунан орун алган түндүктөн түштүккө кеткен аты жок көчөнүн тургундарынын суроо-талаптары канааттандырылып, көчөгө Жолдошов Абдыгазынын ысымы ыйгарылып, “Жолдошов Абдыгазы” атындагы көчө деп аталууга макулдук беребиз.

2. Жолдошов Абдыгазынын урпактары көчөнүн ирээттүүлүгун, тазалыгын, жолун тегиздөө, түнкү жарыкты иштетүү, жашылдандыруу-көрктөндүрүү ж.б. иштерди колго алуу жагы милдеттендирилсин.

Төрага

Т. Токтомушов
