# Ат-Башы айылдык кеңешинин 2020-жылдын 19-мартындагы № 2-2 "Ат-Башы айылдык кеңешине жооптуу катчы штаттык бирдигин ачуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ат-Башы айылдык кеңешинин 2020-жылдын 19-мартындагы № 2-2 "Ат-Башы айылдык кеңешине жооптуу катчы штаттык бирдигин ачуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2-2
- Кабыл алынган күнү: 19.03.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434105>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-63561/edition/1019529/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ат-Башы айылдык кеңешинин 2020-жылдын 19-мартындагы № 2-2 "Ат-Башы айылдык кеңешине жооптуу катчы штаттык бирдигин ачуу жөнүндө" токтому (19.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434105

---

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз II сессиясы

2020-жылдын 19-марты № 2-2 Ат-Башы айылдык кеңешине жооптуу катчы штаттык бирдигин ачуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 26-июнундагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын №124 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» токтомунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Ат-Башы айылдык кеңештин жооптуу катчысы кызмат оруну айыл өкмөттүн штаттык структурасына кошумча штат катары бекитилсин; Айылдык кеңештин жооптуу катчысы кызмат ордуна конкурстук тандоону мыйзам чегинде өткөрүү жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т. Иманбердиевага милдеттендирилсин. Айылдык кеңештин жооптуу катчысынын эмгек акысын мыйзам чегинде эсептеп төлөп берүү жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы Т. Жусубалиевге жүктөлсүн. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.

Төрага

Т. Ыдырысов
