# Жан-Булак айылдык кеңешинин m2020-жылдын 23-мартындагы №6/1 "Жан-Булак айыл аймагындагы Айыл жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү жɵнүндɵ" токтому

- Толук аталышы: Жан-Булак айылдык кеңешинин m2020-жылдын 23-мартындагы №6/1 "Жан-Булак айыл аймагындагы Айыл жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү жɵнүндɵ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6/1
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434077>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-63534/edition/1019393/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жан-Булак айылдык кеңешинин m2020-жылдын 23-мартындагы №6/1 "Жан-Булак айыл аймагындагы Айыл жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү жɵнүндɵ" токтому (23.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434077

---

ЖАН БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХXVII- чакырылышынын депутаттарынын 6 -сессиясы

2020-жылдын 23-марты №6/1 Жан-Булак айыл аймагындагы Айыл жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү жɵнүндɵ Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 «Айыл жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жɵнүндɵ типтүү жобо тууралуу » токтомуна толуктоолорду жана ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү жɵнүндɵ 2016-жылдын 18-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн №599 токтому , Кыргыз Республикасынын 2002 - жылдын 11-майындагы 378 Мыйзамына ылайык Жан-Булак айыл ɵкмɵтүнүн жер боюнча комиссиясынын 19-март 2020-жылдагы чечиминин негизинде Жан - Булак айылдык Кенешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын 2002 - жылдын 11-майындагы 378 Мыйзамына ылайык КБФнын 25 % айыл чарба жерлери Жан-Булак айыл аймагындагы кооперативдерине , үрɵнчүлүк ,асыл тукум чарбаларына берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 «айыл жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жɵнүндɵ типтүү жобо тууралуу » токтомуна толуктоолорду жана ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү жɵнүндɵ 2016-жылдын 18-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн №599 токтомуна ылайык Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен «Улгү »үрɵɵнчүлүк жана асыл тукум мал ɵстүрүү кооперативине 28,5 га , «Жийде-Бак» үрɵн чарбасына 22,0 га жер «Жекшенбек »кооперативине, 10,0 га жер «Талгат » тех сервисине , 15,0га жер «ЭГАДАС »кооперативдерине 6,5 га жер аянттары , түз берүү жолу менен ижарага 5 жылдык мɵɵнɵт менен берилсин.

3.Жогорудагы үрɵнчүлүк ,асыл тукум ,айыл чарба кооперативдери жылына бир жолу аткарылган иштери боюнча маалымат берип турулсун.

4. Ушул токтом Жан-Булак айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп,janbulak.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы ɵзүмɵ калтырылсын.

Тɵрага:

Т.Бекбоев
