# Кара-Суу айылдык кеңешинин 2020-жылдын 20-февралындагы № 51/2 "Айыл өкмөтүнө кошумча штаттык бирдиги жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Суу айылдык кеңешинин 2020-жылдын 20-февралындагы № 51/2 "Айыл өкмөтүнө кошумча штаттык бирдиги жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 51/2
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434055>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-63512/edition/1018950/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Суу айылдык кеңешинин 2020-жылдын 20-февралындагы № 51/2 "Айыл өкмөтүнө кошумча штаттык бирдиги жөнүндө" токтому (20.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434055

---

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХХХХI сессиясы

2020-жылдын 20-февралы № 51/2 Айыл өкмөтүнө кошумча штаттык бирдиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 5-августундагы №451 токтомуна ылайык Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С.М.Табылдиевдин кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 5-августундагы №451 токтомуна ылайык калктын саны 7000 (жети миң) адамдан ашкандыгына байланыштуу кошумча “Турак жай коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар” боюнча, “Инвестициятартуу” боюнча штаттык бирдиги ачылсын.

2.Кошумча штаттык бирдик боюнча тиешелүү иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы С.М.Табылдиевге тапшырылсын.

Төрага

К. Жумабеков
